Күлүмкан чоң апанын токсон жашка толгон кези. Келиндин колунан ысык чай ичип, эртеден кечке чейин төрдөгү диванда тыпыйып олтура берет. Кыңылдап ырдап, өткөн-еткенди эстейт, кээде неберелерине команда берип баш-көз болот, кээде
телевизордун "кыргызын" көрөт. Айтор, өзү менен өзү алек, кишиге деле зыяны жок. Күндөрдүн биринде мындай окуя болду. Чоң энеде кайдагы уйку, таң азардан турат да, үрүл-бүрүлдө диванда радио тыңшап, балдар турганча олтурмай. Адатынча кийинди. Таягын кармап эшикке чыгайын десе эле, бутунда бир маасысы жок. Төшөктүн аягын түрүп карайт, көрүнбөйт. Дивандын астына түшүп кеттиби - жок.
Журкандын арасынан дагы таппады, жана эле тургансыды эле, жоксон алгыр! Же кечинде Бурмакан кошуна ачыткы сурап кирди эле, каапыр, көтөрө кеттиби? Жалгыз маасыны эмне кылсын? Небересине радатке кылып кесип салдыбы? Ошого кантип барсын. Балким, түндө Түмөндүн баласы телевизор көргөнү келди эле, анысы кымтып кеттиби? Жалгыз маасыны эмне кылат? Чоң энеси Сурмакандын эски маасысын тамандап бергени уурдагандыр? Ай, ошентти го! "Ай, балдар, ай тургула! Түшкө чейин уктайсыңарбы? Сасыбай төшөнчүңөрдү жыйгыла!" -Сапараалынын үйүндө таңкы саат алтыда "подъем" болду. - Маасы жоголуптур! Болгондо да ичи түктүү жап-жаңы эки жүз сомдук модный маасы. Андайды бул айылдын кемпирлери кийип көрө элек. Жетиш кайда-а?!"
Полициянын наркоман иттериндей жулунуп-жулкунуп көздү болушунча ачып, Сапараалынын алты баласы, төрт келини, үч кызы, аялы болуп маасыны издешти. Табылбады. Эртең мененки чайды ондо ичишти. Издөө улантылды. Болгон кийиз, шырдак, дорожкалар эшикке чыкты. Гардероб чачылды. Жок. Түш болду. Чоң эненин версиясы боюнча шектүү деп табылган Түмөндүкү менен Бурмакан кемпирдикине жип сурамыш болуп эки чалгынчы жөнөтүлдү. Жигин билгизбей жоготушкан экен. Кайын энесинин маңдайына олтуруп алып Сапараалынын аялы тилинен келишинче ууруну каргап да берди. Катуу капалангандыктанбы, Күлүмкан апа ордунан жылган жок. Жалгыз маасы менен жылып кайда бармак! Түш оогон кезде чоң апа үйдөгүлөрдү чакырды: "Балдар ай, келгилечи бери! Оң бутум чымырап чыкты, ушалачы!" Күлүмкан кемпир келинине бутун сунду.
Келинин кайын энесинин маасысын чече албай тырмышты. Кемпирдин буту тултуйуп чыгыптыр. Жардамга небереси келди. "Кокуй бутумду үзөсүң, акырын тарт!" -маасы чечилбей жатты. Акыры маасы да чечилди. Кемпирдин байпагы маасы менен кошо кетип, аппак болуп чүрүшкөн буту көрүндү. Маасы тарткан неберенин каткырыгы үйдү жаңыртты. "Ха-ха-ха! Маасы!" Башка сөз айта албай күлөт. Көрсө кемпир оң бутуна эки маасыны каттап кийип алган тура.
Комментарии 71