Бүгүн кылымдарды карыткан сырдуу Сулайман - Тоого барабыз.
Жибек жолунун ортосунда жайгашып саякатчылар менен соодагерлерге токтоп эс алууга кызмат кылган бул тоону, башында Птолемеянын мунарасы дешчү. Кийин зыяратчылар аны экинчи Мекке деп аташкан. Ар бир ажылыкка камынган киши Арабиядагы Меккеге баруудан мурун персиянын Меккесине зыярат кылуусу керек деп эсептелген.
Кыргыздын касиеттүү, дүйнөлүк кадыр - баркка ээ Сулайман-Тоосу 10 жыл мурун ЮНЕСКОНУН Бүткүл Дүйнөлүк мурастар комитетинин тизмесине киргизилген.
Ал канча кылымдан бери турат эчким так айта албайт бирок андагы тарыхый табылгалар Ош Сулайман- Тоосу менен бирге байыркы Рим менен жашташ экенинен кабар берип турат. Сырдуу тоо азыр Ош шаарынын так ортосунда турат. Касиеттүү бул жайга миңдеген адамдар жакшылыкты тилек кылып жана аны ишке ашыруу үчүн келишет. Биз да түштүк элинин сүймөнчүгү болгон Той Даамы ширесинин бир таңгагын так ушул керемет жай көркүнө чыгарат деп ишенгенбиз.
А сиз Сулайман-Тоого бардыңыз беле , тилек айттыңыз беле? .
_______________________
#той2021 #тойдаамы #путешествиестойдаамы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев