Кыйналуу менен көп күткөн таңды да атырдым. Жерге жарык кирип баштаган убакта, көзүм араң илинип, уйкуга кеттим. Көл шалга түшүп, бүт кийимим суу болуп терлеп алганмын.
Же өлүү же тирүү экенимди билбейм.
Мен атамдын караанын алыстан көрдүм. Гүлдүү ээн талаада, атам мени аянычтуу тиктеп турган. Талаанын аркы бетинде атам турса, берки бетинде мен турдум.Арабыз бир азга алыс болсо да, мен атама карай шаша чуркасам да, жолдор өзүнөн өзү кайталанып, жеткиргиси келбегендей, узаргандан узара берди.
— Ата - атаке - е кетпе токто ?!
Кыйналып кеттим атаке ! Мени неге жалгыз таштадың ? Жок дегенде азыр жанагы нурлуу жүзүңдөн сүйүп алайынчы.Азыр колдоруңдан кармап алайынчы ? Мени таштап кетпечи. Кандай азап күндөргө таштап салгансың, мени неге мен ? ....Неге мынча сыноо мага гана таштадың ата ?
Көзүмдөн аккан жаш гүлдүү талаага таамп жатты.
— Сен күчтүүсүн ... Жеңилбе ордуңдан тур ! Алсыз болбо, сенин жашооңдо алсыздарды дайыма тепселеп кетишет. Алдыңдагы сыноого туруштук бер. Мен дайыма сени менен бирге болгонмун, дайыма бирге болом Берметим... Жеңилбе ордуңдан тур ?!
Атамдын үнү алыстан болсо да жанымда туруп, айтып жаткандай так даана угулуп жатты.
— Сен жеңип өтүшүң керек ! Колуңдан келеерине ишенем сенин.
— " Бермет " деген кандайдыр бир, ары жактан чыккан үн мени атамдан алыстатып, ары көздөй тартып кетти.
— Атаке -е -е
Ордумдан бакырып жатып ойгондум. Жанымда мени карап, апам менен кызматчы кыз турушуптур.
— Бермет кызым сага эмне болду ? Сыркоолоп калдың бекен ! Муну ичип ал кызым.
Апам менен кызматчы кыз, бир дары менен сууну карматты.Колдорум калтырап, жаны жоктой катып калыптыр.Араңдан алып дары менен сууну жутуп жибердим.
— Кел ордуңа жатып, бир аз эс ал ?! Кийин жакшы болуп кетесин.
Апам мени кайра ордума жаткырып койду.
Кызматчы кыз сыртты көздөй чыгып, апам жанымда калып кетти.
— Менден капасынбы кызым ?
Мен апамдын сөзүнө эч нерсе жооп айткан жокмун, тек гана бир тешикти тиктеп жата бердим. Бермет ооба туура мага таарынууга акың бар, бирок менде өз сезимдерим бар го ? Мен жүрөгүмө каршы чыга алган жокмун.Бул үчүн кечир мени ?
Апамдын айтып турган сөзү мени таң калтырбай койгон жок.
— Мен сизди тааныбай турам апаке ... Мени тарбия кылып, өстүргөн апам экениңизге ишене албай турам. Бул эмнеси атамдын өлгөнүнө жыл айлана элек ... А сиз бул кишини үйгө алып келдиңиз, ал да мейли атамдын бөлмөсүндө эмне бар ага. Эмнеге үйдө жүрүшү керек бул инсан ? Мен түшүнбөй турам атамдын арбагы сизге нааразы болбойбу ?
Мен да оюмда болгон нерсени айтып таштадым.
— Ошол киши пайда болду мага карата мамилеңиз өзгөрдү. Мени тааныбай калдыңыз ! Мага мурункудай мээримиңиз жоголуп кетти. Мен сизге көрүнбөй да калдым. Мурунку мени эркелеткен мен үчүн санаа тартып кыйналган инсанды мен сагындым. Мен ошол апамды сагындым. Атам өлгөн соң, мен жалгыздык эмне экенин байкадым.
Көзүмдөн аккан жаш жүзүмдү жууп жатты.
— Жок - жок сен менин ошол ошол эрке кызымсын. Андай дебе !
Апам шашып сүйлөп, кайра жерди карай көздөрүн ала качты.
— Мен жалгыз калгым келди .
Апам мени түшүндү окшойт, акырын бөлмөмдөн чыгып кетти.Сыягы өзүнө келип алсын деди окшойт.
Оюмдан кечееги караан кетпей туруп алды. — Ал ким болушу мүмкүн ?
Дагы кимдер ? Аларга эмне керек ?
Башымды ушул ойлор жеп жатса да, жооп таба албай кыйнала бердим.
Тиги киши да үйгө жөн келбей жатканын сезип турдум. Издеген нерсеси эмне болуусу мүмкүн ? Ал эмнени издеп жатат ?... Же атам катып кеткен, тиги кагаздардыбы ?
— Эсим курсун мен бүгүн тигил дарекке баруум керек эле го .
Бирок тура алчуудай эмесмин.
Аябай кыйналып турдум.Балким бир сыйра жуунуп, чайынып чыгып алсам, жакшы болуп, жеңилдеп калаармын деген ой келди.
Туруп барып, жуунучу жайга суу толтуруп, бир азга жаттым.
Мойнумдагы тумарды акырын алып, илгичке илип койдум.Бөлмөнү күңүрт кылып алып, бүтүн ойлордон алыстап, сууда бир аз жатканды жакшы көрөт элем.Азыр да ошол сыяктуу даяданып, келип сууга жата кеттим.Көзүмдү жумуп канча жаттым ким билет ... Эч нерсени ойлогум келбеди. Тек гана мемиреген тынчтыкта, касиеттүү суунун, кереметин сезгендей, азыр эле чарчаганым жазылып, баары өз ордуна түшчүүдөй сезилип кетти.
Көздөрүмдү чылк жума көпкө жаттым.Эч ким мага тоскоол болуусун каалаганым жок.Атамды да бир саамга ойдон алыстата, баарын четке сүрүп турдум.Ооба чынында баары жардам берет. Менин дартымды түшүнгөндөй, тунук суу да анда - санда көлкүлдөп, менин бүт денемдеги оорлукту, дартты, өзүнө тартып алып жаткандай туюлду.
Бир аз убактан соң кадимкидей кыйла болсо да өзүмө келип, бир аз болсо да жеңилдеп алдым.
— Мен даярмын бүгүндөн калбай баруум керек !
Ордумдан туруп, халатымды кийип кайра бөлмөмө жөнөдүм.
— Баарын тазалап, жуунучу жайды тазалап койуп, күйүп турган жарыкты өчүрүп, чыгып баратып , кайра эсиме бир нерсе түшө кетти.
— Ой тумарым калып кетиптир го !
Кайра кирген убакта таң калып, оозум ачыла түштү.
Күңүрт бөлмөнүн ичи, бир заматта көгүш түскө айланып кубула түшүптүр. Бул кайдан чыгып жатканына акылым жетпей турду.
— Бир гана терезеден чыккан жылчык жарыкча менен, менин тумарым чагылышып ошондой түскө чагылдырып, бөлмөнү көгүш түскө боеп койгон.
— Бул эмне шумдук ?
Акырын кайра ичкери кирдим да, жарыкты тамызбай турдум
— Мына сагаа ... Чынында оозум ачылды. Дубалда укмуштуудай көп жазуулар чыгып, кудум эле сыналгы сыяктуу чоң болуп көрүнүп турган эле.
Бул тумар менен терезедеги жылчыктан чыккан, жарыктын айынан ушундай болуп жатса керек деп ойлоп алдым.Анын үстүнө тиги тумар менен, кичинекей жарык гана чагылышып турган эле.
Окуган менен да мынчалык көп, тамгалар, шрифттер, дагы көп - көп жазуулар азыр буларга башым жетпешине көзүм жетип турду.
— Орустар айтмакчы ( бул секретная информация ) болуусу мүмкүн.
Балким тиги киши да дал ушуну, издеп жүргөндүр.
Муну бекем катуум керек. Кудай сактасын, мындай кереметти атамдын душмандары байкап калышса, менин ошол замат башым кетет.
— Бул нерсе мынчалык чеберчилик менен жасалганына таң калып бүтпөй турдум. Кичинекей гана нерседе ушунча чоң сыр катылганына ишене албай кетип жаттым.Атам демек алдындан даярданса, атам өлөөрүн балким билип эле жүргөн.
Балким ушул нерсе үчүн атамдын жаны кыйылды бекен ?!
Ойлонуп кетипмин. Дубалдагы, чооң гана катарынан тизмектелген, тигил жазуулар мени акылымдан адаштырып турду.
Дароо пардону толуктап жаба, жарыкты жандыра салдым.
Эч ким көрбөсүн бул нерсени.Дубалдагы жазуулар дароо жоголуп кетти.
Тумарды алып, ар жак - бери жагын шашыла тиктеп алдым.Кичинекей гана жылтыраган, кара точка көзү бар экен. Демек баарын ушул көрсөтүп турат экен да.
Үстү башымды тазалай, кийинип алып, арыдан бери сыртка чыктым.
— Кайда барасын ?
Мени апам карап таң калып алды.
— Сыртка чыгып, таза аба жутуп келем.
— Акыбалыңа карачы , бир аз эс алсаң боло ??? Ушул абалда кантип, машина айдайсын ?
— Мен жакшымвн кыжаалат болбоң ! Анан да кечиреек келем бүгүн Мени күтпөң ?!
Унаамды айдай үйдөн чыгып кеттим.
Жол ката кетип бараттым. Артымдан түшкөн, кара унаа мен чоң жолго чыккандан баштап күзөтүүгө алды.
Узун жолдо менин артымдан калбай, келе жаткан кара түстөгү чет өлкөлүк унаа менен жарышып, жөнөп кете бердим.
— Бар тобокел башыма түшкөндү көрөм.
Ал же менден озуп кеткен жок. Мен да андан. Тек гана бири бирин үнсүз аңдышкан аңдышкан жоодой болуп, жөнөп кете бердик. Ыңгайлуу боло калса эле, мага тиш салуучу арстандай сезилген тигиге, менден эмне керек экени мага азырча белгисиз.
Телефонума келген белгисиз чалуу оюмду бузду. Бул ким болуусу мүмкүн ???
Алып көрөйүн деген ой менен, акырын жашыл точканы басып, телефонду кулагыма тостум.
— Кай жерге жеттиң ?
Үндү дароо тааныдым ал мени күтүп турган тиги жигит экен.
— Сен жакка дагы бир аз бар... Артымдан бир унаа калбай келет. Мен үйдөн чыккандан баштап артымдан түштү.
— Көчөнүн атын айт ?!
Мен ага бара жаткан дарегимди айта салдым
— Сен оң тарапка бурул.
Бир аздан соң кийим дүкөнүнө туш болосун.
Үй тарапка бурулба, анда сени оңой байкап калышат.
Убакыттан уттуруп, дүкөн айлангандай көрсөт өзүңдү.Унааңды болсо ошол жерде унаа токтотуучу жайга токтот ! Мен азыр сага барып калам !
— Сен кантип келесин ?
— Ал жагынан көп кабатыр болбо !
Мен ал айткандай эле, жанагы унаа токтоочу жайга жакын калдым.Ал жерге атайын барып унаамды токтотуп, өзүм дүкөнгөн келген кишиче дай баракат басып, эч нерсе сездирбегендей, ичкери кирип кеттим.
Тиги мени байкабады деп ойлоп калды көрүнөт менден ыраакка барып, ал да унаасын токтото, бирок ичинен түшпөй отуруп калды.
— " Ал кантип келет болду экен ? Деген ой мени кыжаалат кылып жатты.
Бир аз убакыт өткөн соң, мени жанымдан бей тааныш адам түртө өтүп, чөнтөгүмө бир нерсе таштап салды.Тааныбасам да чөнтөгүмө колумду салып, ал таштаган нерсени карай койдум.Кичинекей гана болгон дагы бир кол телефон.Мен алаарым замат, телефонго билдирүү келди.
— Бул мен кийимиңдин баарын өзгөрт чачыңды да! Телефонуң да күзөтүүгө алынган болуусу мүмкүн !
Чынында ошол нерсе оюма келбептир.
Кийим дүкөндө баары бар болгонуна байланыштуу өзүмдү өзгөртүү такыр кыйынга турган жок. Кара чачымды сары түстөгү парикке алмаштырып, кийимимди да ошол сындуу кара көз айнек тагып алдым. Ал да мени, мен да аны тааныбай турдук. Ал да мен сыяктуу өзгөрүп, сымбаттуу кийинип алган экен.
Жаныма акырын басып келип, колумдан жетелеп алды.
— Аябай сулуу болуп кеттиңиз .
— А сиз дагы калышпайсыз мырзам.
— Ушунтип өтүшкө аргасызбыз ! Мени жек көрбөй туруңуз ээ бир аз убакытка ?!
Ал жылмайып мени карай, колумдан жетелей сыртты көздөй жөнөдүк.
— Жардам кереги жокпу ? Мүмкүн болсо жеткирип салайын.
Ой боюбузга койбой, ( такси ) деген белгиси бар унаа алдыбызга токиоп, сүйлөп кирди.
— Жүрүңүз айым түшүңүз ?!
Тиги жигит да унаанын эшигин ача, мени күтүп калды.
Мен баарын түшүнбөй турсам да, унаага отурдум. Мени эле күткөн тиги унаа зуу койгон бойдон айдап жөнөдү.
Уландысы бар...
Урматтуу окурмандар класс басып кетиңиздер окурмандар көп класс аз болуп жатат....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 21
Качан чыгат
Уландысы
Жатканын унутуп калган го