5-ноябрда Ильзат Ахметовдун Орусиянын башкы футболдук командасына чакырылганы маалым болду. Бул тууралуу футболчунун өзү: “Чакыруу үчүн абдан кубанычтамын. Буга ишене албай көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Командага жардам берүү үчүн колдон келген күч-аракетимди жумшайм”,- деп билдирди.
Ошондой эле бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы да үн катты: “Ильзат Ахметовду бир нече жолу Кыргызстандын курама командасына чакырдык. Бирок ал Орусия курама командасында ойногусу келерин жашырган жок. Анын Орусия курама командасына чакырылышы бизди капалантпай койгон жок”.
Белгилей кетсек, 20 жаштагы Ильзат Ахметов Бишкек шаарында туулуп-өскөн. “Алга” футбол мектебинин тарбиялануучусу. Кийинчерээк футболдук билимин Казань шаарында улантып, былтыртан тарта Москванын ЦСКА футбол клубунун намысын коргоп келет. Орусиянын жаштар курама командасында 6 оюн өткөрүп, 2 гол жаратууга жетишкен.
Кошумчалай кетсек, жылдын башында улуттук курама командада ойноодон Валерий Кичин баш тарткан эле. Ушул тапка чейин анын январда өтчү Азиянын Кубогуна улуттук курама командабыз менен сапар тартуусу белгисиз бойдон калууда.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1