Предыдущая публикация
Жан дүйнөм гүл сыяктуу ачылаарда,
Жүдөткөн кайгылардан кутулаарда.
Жашоодогу азаптардан, санаалардан,
Жаңы гана көз жумуп турганымда...
Жан дүйнөм жабыркап кайра сынды,
Жанчылып жүрөгүм жабыркады.
Жыйылган армандарым, топтолуп,
Жан дүйнөм жабыркап музга айланды.
Жүрөгүмө азап шаарын кургансың,
Анан кантип түшүнмөксүн кыз баркын.
Балалаган жүрөгүңдү мага берип,
Анан кантип бактылуу боло аласың?
Жараткан өкүм кылса керек балким,
Жан дүйнөм өксүктө калат аттиң!
А бирок бул күндөрдү жеңермин,
Сен бактысыз, мен бактылуу болом балким...!
Автор: Алибаева Айсалкын
16.10.15
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1