Сабак бутуп, уйго келсем коншулар туугандар баары чогулуп калыптыр…Эмне болгонун тушунбой атаке - эмне болуп кетти деги…апам кайда? десем…атам мени бооруна кыса кучактап, азыр балам…апан келет…Ага чейин сен бул жерде отура тур деп мени калтырып... эшике атып чыгып кетти. Артынан барып карасам козунон жашы куюлуп, ыйлап жатыптыр. Ичим муздап кандайдыр бир жамандык болгонун сезгенсип бут дене боюм дуркурой тушту. Эмне болгонун билуу учун аптыгып уйго кирсем…керебетте жаткан апамды курчай туугандар отурат. Баары окуруп ыйлап жатышат. Ошол учурда нес болуп, козумон бир тамчы да жаш чыкпаганын эстей алам. Акырын барып керебетте упузун болуп жаткан апакемдин алсыз муздап бараткан колун кармадым да жыгылдым. Эмне болгонун озум да билбейм…Менимче озумду жоготсом керек. Ошентип каргашалуу кун башыма тушуп, апамдан ажырап, айтып келбес ажалга наалат айтып, канаты сынган алсыз куштай кайгырып кала бердим. Атам болсо апакемдин кыркы чыгаары менен башка аялга уйлонуп алды. Анысы да озу менен кошо бир уул бир кызын ээрчитип келди. Олгондун устуно комгон мына эми башталды го.Кайда барсам чакырышат. Уйларды айдап кел, же болбосо сайдан суу алып чык деп тажатмай болушту. Айтор алар уйго келген кундон баштап уйдо кут жоголуп ынтымаксыз кун кечирип баштадык. Кайсыл болмого кирбейин апамдын элесин кором. Уктасам тушумдо, курсагым ачканда уйго шашылып келем тим эле апам мага ысык тамак даярдап жолумдан тосуп чыга тургансып. Окунучтуу…апамдын козу тируу кезинде бейиштей кун кечирчу экенмин. Азыр ойлоп корсом. Ушугондо, ач калганда, ызаланганда жардамга муктаж болгон учурда дайым апамды издей берем. Кайдадыр мени карап же мен тарапты коздой басып келе жаткандай боло берет. Ал эми атама болсо аалам тегиздей. Аялы бар курсагы ток кайгысы жоктой сезиле берет. Билбейм.Балким атам деле мага корсотпой ызаланып ыйлап жаткандыр…Ким билет?Акыркы кундору атам менен да мамилем келишпей ортобузду суук аралай тушту . Анткени огой энемдин тилине кирип, мени сабаган учурлары да болбой койгон жок. Бара бара оз уйумдо оз атама огойдой эле болуп калдым. Кун сайын уйдо уруш талаш. Айтор жанжалдан баш чыкпай калды.Кундордун биринде жаан катуу жаап, мен уйларды издеп жонодум. Уйго келсем атам мага кабагын салып козундо огу болсо атып жиберчудой тиктеди. А мен эч нерсеге тушуно албай турдум. Ата эмне болду сизге десем, - Козумо корунбо..Сендей уулум жок деп баштаганда эле уйдон Гулгакы ыйлаган боюнча чуркап чыкты. Эмне болду тынччылыкпы десем…Гулгакынын чогулткан акчалары кайда деп сурап калды. Билбейм ата. Анын акчасы менин колумда эмес го..десем..Журу..деп желкемен суйрой болмомо кирип тинтип башташты. Ошентип курмомдун чонтогунон жоголгон акчанын баарын таап чыгышты. Жалдыраган козум менен атамы тиктей ата..атаке..ушул кантип болсун…Кудай турат мен алган эмесмин деп ыйламсырай жалынып жаттым. Атам болсо мени укканды да каалабады. Жогол козумо корунбой..Сендей ууруну балам деп эсептегим да келбейт деп…мени уйдон кубалап чыгышты…Ошол кезде мени коргоп калат деп ишенген таянган тоом атам жузун менден тескери буруп уйго кирип кетти....Бул да болсо огой энемдин менден кутулуу учун атайын жасаган бузуку иши экенин кийин билдим...Анткени ал мени уйго батыргысы келбей атам барда унчукпай атам жок кезде заарын чачып тилдеп оз балдарын жылуу уйго олтургузуп коюп мени суукта эшике айдап чыкчу....ыйлап сыктап атама эч нерсе болбогондой тур корсотуп журо берип акыры чыдамым да бутуп жашоодон тажап калган окшойм...Тозок оту да мынчалык кыйнабастыр...Азыр чекемден суйгон мээримдуу апакем болгондо жудоп кыйналып мындай кундорго туш келбейт элем...СУУктун ызгаарында ак жеримден куноо тагып кочого айдап чыккан атамды эстеп Гулгаакы огой энемдин кылыгын ойлонуп коодонго батпаган ачуу кек менен аларды жек коруп бараттым .кайсы бир куну баарибир булардан оч алам деп жаман ойлорго алдырып жатып озумду ургулап аран токтоттум. Коздорумдон жаштар агып апамды сагынып асман мейкиндигине коз чаптырып тура берип, катту ушуп калганымды сезбей калыпмын
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5