«Аллах кимге жакшылык каалаган болсо, ага динди түшүндүрөт. (Бухари Муслим)
«Илим жолуна түшкөн адам, Аллах ага Бейишке жолун жеңилдетет» (Муслим).
Мааниси: Аллах бул инсанга хидаят эшиктерин ачат, ибадаттарды аткаруусун жеңил кылат жана Бейишке киришин тездетет: Акыр кыямат күнү эсеп-кысап алынаардагы күтүп туруунун азаптарын башкалардай болуп көрбөйт. Акыретте мындай адам Тозоктун үстүндөгү Сырат көпүрөсүнөн бат өтөт.
«Илим издеп үйүнөн чыккан ким болбосун, периштелер анын кылганына ыраазычылыгын билдирип канаттарын ага төшөшөт» (ат-Тирмизи, Ибн Маджа).
Бул хадисте илим алуунун кадыры жөнүндө ачын айкын айтылат, себеби периштелер ыраазы болуп, урматтап өз канаттарын ага жайып жаткан кишиден ким жакшыраак?! Ал үйдөн бир гана илим алуу үчүн чыгат эле.
“Аалым менен жөнөкөй сыйынуучунун (абид) айырмасы толуп турган ай менен башка жылдыздардай” (Абу Дауд, шейх Альбани хадисти сахих деди). Абиддин пайдасы өзүнө гана чектелүү (жылдыз). Ал эми аалымдын пайдасы бүт инсаният, жин, жаныбар, керек болсо жаратылышка таркайт (толуп турган ай).
Илим – жашооңдогу бүтүн жакшылыктын башаты.
Диний маалыматтар:
Полянка:+79854820101
Волгоградский проспект:+79153540319
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев