Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 1940-жылга чейин Озгур айылынын аталышы Коңур-Жаз болгон. Анткени ал жерге жаз биринчи болуп келчү. Климаты ысык болгондуктан, башка айылдарда кар кете электе, бул айылга жаз келчү.
Озгур айылынын 86 жаштагы тургуну Бөдөн Камчиева согуш жылдарында абышкасы менен биргеликте оорукта иштеген. Өзү Коңур-Жаз айылында төрөлүп-өсүп, өзүнүн эле айылына турмушка чыккан. Согуш жылдарында 2 баласы болгонуна карабай, эл менен бирге иштеген. Бөдөн апа бул айылдын тарыхын жакшы билет.
«Согуш жылдарында биз да көптүн катарында кызмат кылдык. Балдарымды өзүмдүн ата-энеме таштап, талаага ишке кетем. Кээде, бешикти башыбызга жөлөй көтөрүп алып, талаага чыккан күндөрүбүз болгон. Чалым орукта, мен аларга ашпозчу болчумун. Көбүнчө тамак жасап, колдон келсе аларга да жардам берчүмүн. Ал мезгилде Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналынын казуу иштери башталып, бизге бөлүнгөн жерди кол менен алгачкылардан болуп казып бүттүк. Биринчи бүткөнүбүз үчүн бизди сыйлап, белектерди берген. Ал күн, ошол жеңиш бизге тойдой эле болгон. Бригадир башчысына автоунаа белекке берген өкмөттөгүлөр. Ал кезде жаш экенбиз, сүйүнгөнүбүздөн ырдап келгенбиз. Пахта теримдер болот эле. Анда да биз баарынан биринчи теримдерди жыйнап бүтөт элек. Ошол жылы буудайдын түшүмү жакшы болгон. Пахтаны жана буудайды белгилеген өлчөмүнөн да көбүрөөк, алгачкылардан болуп тапшырганбыз. Коңур-жаздыктар алдыда озуп жүрөт деген кептер тарады. Бизди кандай иш болсо да алгачкылардан болуп аяктап, иштин майын чыгара жасаганыбызды билип «алдыда озуп жүрүүчүлөр, озгурлар» дешчү. Ошондон улам айыл Озгур атала баштады», - деди Бөдөн Камчиева.
1954-жылы курулган каналдын узундугу 52,4 км түзөт. Каналдан аккан суу Жоош, Отуз-Адыр, Сары-Колот айыл өкмөттөрүнөн агып өтөт.
Ал эми Коңур-Жаз айылы 1950-55-жылдардан тартып Озгур аталган.
«Камыш оргон учурларыбыз болду. Камыштардын арасында жыландар көп болчу. Коркобуз. Бригадир башчылары «жылан адамды жебейт», деп урушуп иштетет эле. Согуш бүткөндөн кийин жолдошум мал карап баштады. Мен саанчы болуп иштедим. Эң мыкты саанчы болуп, көп эле жолу ардак грамоталарды алдым. Эмгектенгенче үй-бүлөнү да бекемдейт болчубуз. Мен 12 бала төрөгөнм. Озгур айылында мээнеткеч адамдар көп болчу. Биздин эмгегибиздин артында айылдын аталышы жатат. Бул биз үчүн сыймык», - дейт Б.Камчиева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев