Алтын сүт- жакшы жыйынтык берген эң мыкты рецепт. Ал тез убакыттын аралыгында эле муундардын кан тамырларын калыбына келтирет, тазалайт жана жыйналып калган туздардан арылтат. Башкача айтканда сөөктөрүңүз экинчи кырсылдабай, таманыңыз ысыбайт жана оорубай калат. Узак аралыкка чейин жөө басып жүрүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Бет териңиздин өңү жакшырат. Артритте да жардам берет, ошондой эле организмди жашартуучу касиетке ээ.
Бир баштык 50 граммдык сары куркума алып, эң жакшысы Индиядан өндүрүлгөнүн алыңыз, ага эки эсе көп суу кошуп, ботко абалына келгиче жакшылап аралаштырыңыз. Андан кийин жалыны аз отко 7 мүнөт кайнатасыз. Улам аралаштырып туруу керек. Андан кийин оттон чыгарып, муздаганча коёсуз. Эми айнек идишке салып, муздаткычтка сактайсыз. Бир курс мөөнөттү дарыланууга жетет. (Жылына бир жолу 40 күн жасалат)
Сүт менен
Уктаар алдында бир стакан сүттү бышырып, ага даярдалган куркуманын пастасынан бир чай кашык, миндаль майынан бир чай кашык кошуп ичесиз. Миндаль майын дарыканалардан сатып алсаңыз болот.
Бал менен
Мындан сырткары сүткө куркуманы кошкондон кийин алгач, бир чай кашык таза бал жеп алып, артынан алтын сүтүү ичсеңиз да болот. Абдан даамдуу болот. Жогоруда айтылгандан бир эле муун ооруларына эмес нерв системаларына дагы жакшы таасирин тийгизет. Себеби сүт тынчтандыруучу, ал эми куркума табигый дарылоочу антибиотик болуп эсептелет. Андыктан эртең менен же кечинде алтын сүт сөзсүз ичип коюу пайдалуу келет. Эң башкысы ачкарын ичилет. Кечинде болсо, тамактан кийин 2 сааттан соң.
Мындан сырткары, кош бойлуу айымдар, эки жашка чейинки балдар жана аллергиясы барлар ичкенге болбойт.
Куркума менен рецептер:
Ден- соолукту чыңдоо максатында куркума кошуп дарылангыңыз келсе, анда, төмөндөгү ыкмаларды колдонуңуз:
Организмди тазалоо үчүн:
• Жарым чай кашык куркумуны 200 мл сууга, кефирге же сүткө аралаштырып, ага бир аз бал кошуп ичиңиз. Ачкарын 10 күн кабыл аласыз.
Диабетте
• Ар бир тамактануунун алдында 10 күн боюу бир чай кашык куркуманын жарымын бир стакан суу менен ичип алыңыз.
Ашказан ооруганда
• Жарым чай кашык куркуманы 200 мл сууга аралаштырып тамактын алдында кабыл аласыз.
Сасык тумоодо
• 1 чай кашык балга бир чай кашык куркуманы аралаштырып бир апта күнүнө үч маал ичесиз.
Тиштин бүйлөлөрү көп канай берсе
• 1 чай кашык куркуманы 200 мл жылуу сууга аралаштырып бир апта чайкап туруу сунушталат.
Аз кандуулукта
• 1 чай кашык куркумага ошончолук бал кошуп эки апта күнүнө үч жолудан кабыл алыңыз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5