Алабата(лебедь) жалбырактарынан алынган лосьондор жараларга колдонулат жана теридеги сезгенүү процесстери үчүн колдонулат.
Жайында лосьондор жана кайнатмалар үчүн жаңы жалбырактарды колдонуу жакшы болот, анткени алардын кемчилиги адатта болбойт.
Алабата(лебедь) чөбүнүн негизги дарылык касиеттеринин бири – анын организмди токсиндерден тазалоо жөндөмдүүлүгү. Бул андагы клетчатка жана пектиндердин көптүгү менен шартталат.
* Ичегилерди жана боорду тазалоо үчүн.
-1-2 аш кашык. жаңы жалбырактарга, 200 мл кайнак суу куюп, жай отто 10 мүнөт кайнатып, 30 мүнөт тыныктырып, чыпкалап коюңуз. Бир ай бою 1/2 чыныдан күнүнө 2-3 жолу ичиңиз.
— Жаш жалбырактар менен сабактарды эт туурагычтан өткөрүп, сыгып алабыз. 1 аш кашык бал менен 1/4 чыныдан ичүү.Тамак ичеерге 20 мүнөт калганда күнүнө 2-3 жолу. Курс бир ай.
* Муундарга.
4 аш. кашык кургак майдаланган жалбырактарга бир стакан ысык суу куюп, 15 мүнөт кайнатып, муздатып, чыпкалап, көлөмүн баштапкы көлөмүнө келтириңиз. 1 аш. кашыктан дайыма тамак алдында үч жолу ичиңиз.
* Жөтөл жана сасык тумоо үчүн.
4 ст. майдаланган жалбырактарга, 200 мл кайнак суу куюп, 2 саат демдеп, чыпкалайсыз. Күнүнө 3 маал тамактан бир саат мурун 0,5 стакандан ичиңиз.
* Стоматит үчүн.
5 аш. кашык майдаланган чөптөргө 0,5 литр кайнак суу куюп, 1 саат демдеп, чыпкалап, сыгып, бир күндө бир нече жолу оозду чайкоо керек.
Интернеттен алынды
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11