Кедейлик жалкоолуктан келет. Эч кимге муктаж болбоо үчүн билегиңди түрүп эмгек кыл...
☘️2. Жаман мүнөз жугуштуу келет. Айланаңды жакшы адамдар менен толукта. Адамдын жүрөгү сүзгүч сыяктуу. Жакшыны да, жаманды да сиңирип алат. Жакшынакай, көркөм касиеттер менен жаркырат жүрөгүңдүн ичин...
☘️3. Берген кол алган колдон жакшы. Чама-чаркың жетишинче муктаж адамдарга садака берип тур...
☘️4. Маданияттуу бол. Ички маданиятың өтө жогору болсун...
☘️5. Кабагыңды түйүп жүрбө. Адамдар сенин жылуулугуңа жылынсын, нуруңду чачып, күлүмдөп жүр дайым..
☘️6. Улуу-кичүү болсун көмөккө колуңу созуп, көбүрөөк жакшылык жасай бер. Андайда жаның рахаттанат. Рахат алуунун төрөсү ошол..
☘️7. Кимдир бирөөнүн жагымсыз, көрксүз экенин, сырткы көрүнүшүн сөз кылба. Анын ыйманы сенден мыкты, ички дүнүйөсү сеникинен сулуу болуу мүмкүн. Көө жагып, тил тийгизүүгө тырышпа. Ар-намысыңды ылайга булгап, жүрөгүңдү антип уулаба...
☘️8. Жердеги жумур баштуу пенденин өмүрү жалайык менен кепиндин ортосунда өтөт. Карап отурсаң, экөө да мата дейлик. Экөөндө да чөнтөк болбойт. Бош келип, бош кетесиң. Дүнүйө жыям деп арам тер агызба. Урпак алып кел өмүргө. Артыңда изиң калсын. Ошол урпагыңа акыл айта тургандай билим жыйна, бере алаар таалим-тарбияңды түздө. Артында жакшы сөз кала тургандай иш жаса. Жакшы кызмат кыл..
☘️9. Жасалма дүнүйөлөргө жолобо. Түр-сыпатың да, кылыгың да, аракетиң да чыныгы болсун. "Маска" кийбе. Чынчыл бол...
Өзгөртпөстөн бөлүшүнүздөр.)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7