Түнү менен тиги жигиттердин артынан калбай ээрчий карап жүргөн Амантур көп нерсени тактап билүүгө аракет кылып жатты. Көпчүлүк ишин ачыкка чыгарса да, кайсыл жерден адам соодасы болуп, кайсыл жерден башка өлкөгө алып кетээрин билбей жатты.
— Менимче дагы бүтө элек иштери көп окшойт
Ичинен ушундай ойлоп алды. Тигилердин сары изине түшүп 'артынан калбай үч күндөн бери акмалап аңдып жүргөнү жүргөн.
Дагы эки үстү башы чүкөлгөн кара унаа менен тагыраагы беш же алты кызды алып түшүп, түрткүлүп айлана тегереги чымын өтпөстөй курчалган чоң кабаттуу үйлөрдүн бирине алып кирип кетишти. Демек өздөрүнүн эсебине кыздардын саны жете элек сыяктуу. Болгон далилдердин баарын чогултуп, эми бир гана күтүү калды. Тиги башка мамлекеттин өкүлү качан келээри азырча белгисиз.
— Ооба. Муну тиги Рамистен суроо керек.
Ойлуу отуруп ушул чечимге келди. Кантсе да атасынын бүткүл сырларын билет. Ананчы башка эмне кылмак эле? Өзү келип, өзү жардам берүүсүн өтүнгөн соң, эми Рамис да жардам берсе керек деп ойлоп ала мышыктай шыпылдай секире акырын ары көздөй коюу караңгылыкка сүңгүп кетти.
*************
Рамистин эч нерсеге көңүлү чаппай суз, бир орунда отура берди. Кечээтен бери үйүнөн эч кайда чыккан да жок. Эч нерсеге маанайы да келбей, жөн гана ичимдигин ичип, ойлуу отура берди.
— Жашоо кызык ээ Кубат?!
Бир убакта жанагы калыбында жазбай, ары-бери басып жүргөн Кубатты карап күңк этти.
— Эмнеге кожоюн?
Кубат шарт ордуна келе, кайра Рамиске суроолу карай салды. Чын эле эч нерсени түшүнбөй жаткан.
— Мен бир кызды каттуу жакшы көрүп, ага менден башка да адамдар жашоомо кийлигишип, тынчымды бузат деп ойлобоптурмун.
Эмне кылабыз? Тагдыр экен деп калып кетейинби? Же артынан кечирим сурап барайынбы? Канткенде болот? Бирок ошондо да мени кечирбесе керек деп ойлойм. Туура мен кечирүүгө татыктуу эмесмин да. Балким мен ошол убакта Америкадан келбей койгонумда ушунун баары болмок эмес беле? Кандай ойлойсун?
Кубат бир аз үнсүз ойлуу тура берди.
— Балким кожоюн ушунун бары болушу керектир эле. Кайдан билебиз Кудайдын сыноосун түшүнө албайбыз, эртең эмне күтөт? Же азыр бир аздан соң эмне болобуз? Бирок биздин жашоо арты эмне менен аяктаарын көбү боолгоп билишет эмеспи. Бактылуу болууга акыбыз бар жандар элек. Бул чиеленген тагдырдын андай мындайына көбүнчө башым жете бербейт экен кожоюн.
Кубат да адатынча ушул сөздөрдү сүйлөп күңк этип алды.
— Алина кандай жүрөт экен?
Рамис күтүүсүздөн суроону башка нукка бура койду. Буга таңданган Кубат эмне болуп кеткенин түшүнө албай акырын жооп юере койду.
— Алина жигиттердин көз карамагында. Окуп жатат экен. Алып барып, кайра алып келишет. Эч кимге билинбөөсү керек дегениңиз үчүн азырча көп деле элге аралашуу жок.
— Сен качан барып көрдүң. Билем Кубат сенин жүрөгүңдө ал кыз бар экенинен кабарым бар.
— Мэ муну ал дагы, эртең эч кимге байкатпай барып кел. Көр, сүйлөш отур. Жакшы жүрө бекен сура. Жалган айтып эч нерсени жашырба бирок. Чакан белек алып кызды кубант. Болбосо бир күн болбосо бир күн кеч болуп калат экен баары. Колуңда турганда сыйлап, барктап кал.
Ордунан шашпай туруп келген Рамис, Кубаттын чөнтөгүнө акырын жашыл акчаларын салып койо, Кубатты далысынан таптай, ары көздөй басып кетти.
— Жигиттерге айт менин сүлгүмдү даярдап койушсун.
Аркы бөлмөгө кирээри менен үстүндөгү кийимдерин чечине көкмөк болуп чалкып турган таза сууга секире, суунун ичинде бир кыйлага отура кетти.
Кубат баш ийкей жигиттерге буйрук бере, өзү ичинен кымыңдай түштү. Кожоюну Рамиске ыраазы боло, Алинанын уялыңкы жүзүн элестетип алды.
***************
Бүгүн кечке көңүлдүү жүргөн Емили үйүнө жакшы маанайда кайтып баратты. Ичинен кудуңдап кубанып, Амирди бир аз басып колтуктап калганына да ичи жылый, ыраазы боло кетти. Жүрөгү дүкүлдөп, бир аз узактаса эле, Амирден айрылып калуучулай сезилип, алыстаган сайын, бир туруп кыжалат боло түшөт.
— Сен мени сүйүп калууң үчүн баарына барамын. Бир гана өзүмдүкү кыламын сени.
Жанатан Амир акчагп сатып алам дегенине карабай, белекке деп берген кооз сүрөтүн карап, ичинен ушундай деп сүйлөнүп да алды.
Бирок жүрөгү түпөйүл боло, кечээги Лунараны да унуткан жок. Ал кыз ким? Эмне жумуш жасайт? Кандай жердин кызы? Баарына кызыгып жатты. Эң башкы түйшөлткөн суроо, Амир менен кандай алакада экенин биле албай түпөйүл. Амирди ал кызга берип койууну эстегенде чый пыйы чыгып, азыр эле жигитти колдон жетелеп кетүүчүдөй боло, өз оюнан өзү корко түштү.
***************
Амир да бөлмөсүндө ойлуу отура кетти. Оюнда азыр эле кеткен Емили эмес, Лунараны ойлоп отурду. Кандайдыр бир күнөө жасап койгон сыяктуу өзүнө -өзү капа боло сүйлөнүп алды.
— Эмнеге андай кылдың? Емилинин менде көңүлү бар сыяктуубу эмне? Же мен жөн гана адашып жаткандырмын, бирок?... Лунара эмне кылып жатты болду экен? Барып кабарын сурап келсемби? Же??? Кантип барам? Эмне дейм, эмнени шылтоо кылам?
Ушуларды ойлой көпкө түйшөлүп отурду да, кайра бир аздан соң, сырткв карай,шашыла чыгып жөнөдү.
— Унааны даярдагыла! Бир жакка баруум керек.
Өзү үстү башын алмаштыра,унаасына отура алгач тамактануучу жайга кирип, бир нерселер көтөрүп чыгып,кайра кызды көздөй жол улады.
*************
Коюу түн кучагын кенен жайып айлана тегеректин баары эч нерсе көрүн'өй калган убакытка чейин күткөн Амантур шыпылдай,бутунун учу менен баса, күндүзү өзү ойлоп койгон планы менен,Рамистин үйүнө карай баратты.
Мышыктай ыкчамдыгын Рамистин ары -бери басып,эшик астын кайтарган жан сакчылардын бир экөөсү билбей да калды.
Кирип баратып,оңой болуусу үчүн,бир -эки жигитти акырын уктата ары карай сүйрөп кетти. Бир азга чейин өзүн билбей сулк жаткан экөөнү эч ким деле көргөн жок.
Үй ичине кирип шыпылдай Рамистин бөлмөмү тарапты көздөй жөнөдү.
Эми гана бөлмөгө жете берип,эшикти ача берээрде артынан желкесине кадалган курал өзүн токтотту.
— Кимсин?
Артында Кубат турган эле. Көбү кызуу уйкуда. Бирок Кубаттын эч нерсени кыя өтпөй сезгендигине тан берип алды.
— Жигиттерди ойгото элегимде айта кал!
Кубат үнү бир аз көтөрө кайра дагы,желкесинде кадалган куралды мыктай каттуу такады.
Бетинде баса кийген кепкасы Амантурдун жүзүн көрсөтпөй турган.
— Кана мындай болчу баатыр!
Кубат акырын алды көздөй айлана басып өтүп,Амантурдун баш кийимин өйдө көтөрө карай салды,да көргөн көзүнө ишенбей чоочуй түштү.
— Сен? Бул жерде эмне ишиң бар?
— Мага кожоюнуң керек! Атасынын иши боюнча.
Амантур эми үнүн, бир аз чыгарып сүйлөп ,эки жакта эч ким жокпу дегендей,элеңдеп карап алды.
— Жүрү мындай
Кубат Амантурду өзү жатчуу бөлмөсүнө кийире эшикти ичинен иле салды.
— Сени бул жердегилер көрсө эмне болот билесинби? Кожоюндун анык балеесине каласын го. Атасы ким экенин билбейсинби я?
— Кубат мен алардын кандай адам экенин жакшы билем, жана менин үйүмө бастырып кирип барганда эч нерсе деген жок элем. Жардам сураган Рамис эле го? Мен бир нерсени билүүм керек шашылыш, өтө шашылыш. Ошол үчүн мага кожоюнуңду ойгот! Аа тиги жигиттериң эч нерсе билбейт, уктап жатышат. Эртең ойгонушса бир аз, аң -таң болушат андан соң иштерине кайта беришет.
Амантур каамарабастан сүйлөп алды да, ары жакта отурган үстөлгө отура кетти.
Кубат баарын жакшы окшойт. Үн катпай кожоюнун ойготууга башка бөлмөгө чыгып кетти.
Көп күттүргөн жок. Халатын чала була оронуп, уйпаланган чачтарын, бир силкип алып, бөлмөгө Рамис, анын артынан Кубат кирип келди.
— Мынабу адам акылдан азганбы Кубат? Эмнеге бул жерде отурат? Кайгысы эмне экен?
Рамис аң -таң боло чын эле Амантурдун отурганын көрүп, Кубатка суроо узатты.
— Ошо мен да түшүнбөйм кожоюн.
— Эмне болду? Менден эмне каалайсын?
— Менин үйүмө барган өзүң, жардам да сурадың, балким ошондой ой менен күнөөлөрүңдү жууганы жаткандырсын Рамис. Бирок сенин деле дал атаң сыяктуу колуң бей күнөө адамдардын канына малынган. Муну актана албайсын.
Амантур шашпай отуруп, сөздү алыстан баштады.
— Эми мага барганыңда мен сага анча ишенген эмес элем. Кыздарды көрүп чынында зээним кейиди. Мен сага жардам берем. Бирок сен да мага көмөк кыл. Айтаарым атаңдын дагы кай жерлерле сырдуу жайы бар. Мен соодалашчуу жерди айтам?
Мен тапкан жайларда адам өмүрү менен соодалашуу мүмкүн эмес. Анткени алар абдан эле шум жер, эл көп. Бир- эки чет өлкөлүк келсе дароо эле билинет. Демек башка жайлары да бар! Жана сен мага ошону тапканга жардам бересин.
Амантурдун сөзү Кубатка бир аз жага берген жок. Буйрук берип жаткан өңдүү сүйлөп тургандай сезиле ачуусу келе түштү.
— Амантур мен билгенимди айттым. Чектен ашпа! Башкасын билбегеним үчүн сенден жардам сурадым.
Бирок Амантур эч нерсени укпаган сыяктуу, ары жакта турган неосени кармалай, ойлуу тура берди.
— Менин айтрааым ошол Рамис. Атаңдын үйүнө бар да сура. Сен да иштегенсин атаңдын колуңда. Тактап бил мага дареги кана керек. Калганын өзүм бүтүрөм.
Эми мага уруксаат.
Амантур акырын карай шыпылдаган бойдон терезеден секире, мышыктай ыкчам абалда эки колдоп, эки буттап жерди таяна бүк түшүп отура калды да, бир аздан соң акырын шыпылдай, өзү кирген жайы менен кайра сыртка чыгып кетти.
— Муну кара? Жөнөкөй эмес бул!
Артынан Рамис да, Кубат да карап туруша таңданып алышты да чыгып кетишти.
***************
Таң атпай жумушуна келген Тинатин мурун ачылып кайра жок болуп кеткен Динаранын иши тууралуу козгоп,жогору жактан кайра ушул ишти ачуу үчүн уруксаат да сурап чыкты. Динаранын актыгы, күнөөсүз экенин далилдеген, бир канча маалыматтар, далилдер барын айтып, болгон чындыкты айтып, кайра башынан иш каралуусун суранды.
Бул жерде башка да ушул нерсеге байланыштуу кылмыштар көп экенин, өз көзү менен көргөн баардык чындыкты айтып, Динараны актап чыгууга бел байлады. Эгерде ушул соттон утулса өзү да иштен кетээрин билдирди.
Жогорудан буйрук түшкөн соң, буту -буту тийбей чуркап жүрдү. Ар тараптан маалымат топтоду. Амантурдун байма-бай жиберип турган далилдери да бар.
— Кандай кылып болсом да, ушунда күнөөсүз жандарды актап чыгуум керек!!!
Ушул ой менен жатып, туруп, Рамисти да ойлоодон алаксып баратты.
****** Бир канча айлардан соң!
Динара тирүү экени, ушул убакытка чейин жарадар болгону үчүн жашынып чыга албай калганы тууралуу билинип, өзүнүн эң жакын кесиптеши, тузакка түшүрүп качып кеткени, токойдон кызжы куткаруу учурунда алынган жаракататры тууралуу, аны тастыктаган өзү сот залында туруп, баарын ачык айкын далилдеп берип, сот Динараны бүтүндөй актап, Мээримди ошол жоголгон кыз экени далилденип, анын артында далай кылмыштын бети ачылып келе жатты.
Динара айым эми кайрадан өз кызмат ордуна эч тоскоолдуксуз барып иштей берүүсүнө, жана Мээримге да эми эч кандай зыян жетпесин айтышып актап чыгышты. Мунун баары буту -бутуна тийбей жүгүрүп жүргөн Тинатиндин жана Амантурдун мээнети эле.
Сот залынан акталып чыккан Динара эми иш ордун кайра өз жайына келип Бишкектен улантмай болду. Канча күн-канча түн уйку көрбөй чаалыкса да жыгылбай тикеден-тике турган Тинатин үчүн да бүгүн эң жакшы күндөрдүн бири болду. Бирок бул башка инсандарга жакпай да турду.
Теле берүүдөн, газета эч нерсе калбай туш тараптан чыккан бул жаңылык баарынын оозун ачырды.
— Ии бул жанагы аял эмес беле? Кооптуу аябай деп да чыгып жүргөн. Көрсө байкуш аялды жөн эле каралай беришкен тура. Акыйкаттык бар экен...
Кимгедир барба ушул сөздөр. Динаранын денесине жеткен оор залакадан улам,эч кайда чыга албай камалып жатканын, аны дарылаган Сезим тууралу да бир аз сөз козголду.
Бирок келишкендей эле Амантур тууралуу эч нерсе айтылган жок. Амантур баардык иш бүтмөй сайын аты чыгуусун өзү да каалабаган.
Бул кабар Рамиске да жетти атасына да жетти. Баары аң - таң. Мунусунда Рамис Тинатинди жаман көргөн жок. Кайра актап чыкканы үчүн ичинен кубана, ушундай күчтүү айымды сүйөөрүнө өзүнө өзү баа берип алды.
Бул жылмаюусун көп өтпөй эле сырттан шашыла кирип келген атасынын үнү бузду.
— Мообуну окудуңбу кара?
Келип эле колунда кармаган гезитти Рамистин алдына таштай койду.
— Сен акмак жигитти жакын жолобо деген элем. Көрдүңбү? Баарын билет экен. Биздин иш тууралуу, милиция айым тууралуу жоголгон кыз тууралуу, анысы мейли, жашырууга жардам да бериптир!
— Сен ушуларды биле белең? Рамис биле белең сен сүйгөн кыэың баарынан кабар алып жүргөнүн я? Же... Балким өзүң айтып, берген чыгаарсын? Акырын кымпыйып жүрүп алып, сенин койнуңа кирип, бүт болуп жаткан иш тууралуу маалымат топтоп жүрүптүр.
Рамис атасынын ачуусуна териккен да жок. Акырын гезитти жерден алып үстөл үстүнө ыргытып койду.
— Ата менден эмне каалайсыз? Болду бүттү баары жолукпа дедиң, койдум, сүйлөшпө дедиң койдум. Эми мени да тынч койосузбу? Мен эчак чыгып кеткенмин бул иштерден. Мен таанышкан убакта ал кыз иштебей эле эс алууга келген. Анан да мен акмакмынбы? Мен атамдын баардык иштерин жасайм, адам өлтүр десе өлтүрөм, кыз уурда десе уурдайм деп айтуум керек беле?
— Сиз тууралуу ата! Сиз тууралуу баарын билди. Ага чейин кылган кылмыштарым мындай турсун, мен кимдин баласы экенимди да билбейт болчу. Баарына өзүңүэ күнөөлүсүз!
— Эмне?
Атасынын ачуусу келе,Рамисти жаактан ары тартып жиберүүсүнө аз калды. Бирок арткы жактан келе калган жан сакчы жигит жакындай кулагына бир нерселер шыбырап алды.
— Сени мн кийин сүйлөшөм.
Сөөмөйүн кезеген атасы,дароо шашыла ары карай чыгып кетти.
— Кубат атамдын артынан түш! Билдирип койбо! Кай жерге барган болсо ошол жердин дарегин Амантурга жөнөт. Ушуну менен баарын бүтүрөбүз ата мен - дагы, сен - дагы
Шыпылдаган Кубат тигилержин артынан чыга, сары изине түшө, күзөтүп кетип баратты.
**********
Коюу түн! Килейген чоң хан сарайдай болгон үйдүн эшик алдына капкара унаа келип токтой, ичинен жүгүрүп чыккан жан сакчылары, эшикти ача салышты. Биринчи эле капкара шиш такалуу кымбат аялдын бут кийими, андан соң келише кийинип, сулууча аялдын элеси унаадан түшүп,жан сакчылары тоскон, кол чатыры кимдендир аялдын жүзүн бекитип жаткан сыяктуу.... Ичкери кирип кеткенге чейин аялды тегеректеше туш тараптан коргогон жигиттер элеңдешет.
Качан үйдүн ичине кирип кеткен соң аял өзүн эркин сезип, жанатан түйүлгөн чачын жазып сала, бойун кере өзү тааныш бөлмөсүнө карай жөнөп баратты.
Эшикти ача бергенде эле чоң залдын ичинде топтолушуп тегеректеген жан сакчылары чыгсп кетип, бир гана адам диванда бутун айкалыштыра отурду.
— Мени унутуп койгон көрүнөсүн? Көптөн бери сурабай кеттиң эле, акыры өзүм келдим алдыңа.
Тиги киши артка карай таралган чачын бир сылап алып, аялга таарынган өңдүү үнүн каттураак чыгара сүйлөп алды.
— Жаным койсоңчу. Сени да адам унутмак беле? Кош келипсин биздин өргөбүзгө.
Аял да тармал чачтарын колу менен тарап ала, кишинин жанына барып эркелей отура кетти ла, оозунан акырын чоп эттире өөп койду.
—Иштер кандай кетүүдө? Тиги эч нерсени сезбей элеби? Эмили кандай жүрөт?
Тиги киши көп нерсе билчүүдөй сыягы. Баарын катарынан сурап жатты.
— Иштер баары жакшы кетүүдө. Ал эч нерсе менен иши жок! Башына болбогон көйгөйжү илип алып, ошол менен убара. Шашпай турсун мени алдаган кандай экенин көрсөтөм.
Аялдын заматта ачуусу жүзүнө чыгып, жанындагы кишинин колундагы кыпкызыл шарапты ууртап алды.
— Кызы тууралуу айтып жатасынбы? Андан кабарым мурда эле бар эле. Билгениме бир аз болгон соң, өзү да кабардар болду. Мейли эми аларга да убакыт келет. Бирок биринчи ишибиз алдыдагы койулган планды так жана туура аткаруу.
— Менин кызым кандай жүрөт?
— Емили жакшы. Баары сонун анда. Жакында дүкөн ачат жеке. Ошол менен убара, кызың сени тарткан да.
Кылыктана эркелеген аял тиги кишинин мойнуна асыла жылмайып күлүп койду да,колундагы шарабын алып, кылыктана сүйлөп, култулдата жутуп жиберди.
— Биз үчүн жаным! Аз калды. Баары ачыкка чыгат, жана жанымда каласын өмүр бою.
— Сен үчүн, ошол эриңди азыр көзүн тазалоого даярмын.
Аялдын арбоосунан чыга албай өзүн жоготуп бараткан сымал, бекем кучактаган эркек ушундай деп шыбырап алды.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 51
Аябай кызыктуу болуп атат бутпосо экен
Лунара бактылуу болсун