18 комментариев
    285 классов
    4 комментария
    166 классов
    АЧ КӨЗДҮК ЖӨНҮНДӨ #АҢГЕМЕ Жаш жигит жолдо бара жатты. Караса бир тыйын жатат. Бул деле акча да, деп ойлоду да алып капчыгына салып койду. Кетип бара жатып ойлонду. Эгер миң сом таап алсам эмне болот эле? Эмне болмок эле, ата-энеме белек сатып берип кубандырмакмын. Анан дароо капчыгы толо түшкөндөй сезилет. Ачып караса миң сом дейт. Кызык, - деп таң кала түштү жаш жигит, - бир тыйын эле, миң сом болуп калды. Эгер жүз миң сомум болгондо эмне кылат элем, деп ойлойт жигит. Уй сатып алмакмын, эне-атам сүткө кеңип, жыргап калмак. Ошентти да дароо капчыгын ачып карады. Чынында эле жүз миң сом бар экенине ишенди. Укмуш, деп кубанып кетти жигит. Эми анча болду, миллион сомум болсо деп ойлоду жигит.
    6 комментариев
    223 класса
    ТАК #Аңгеме. Бул кыз экөөбүз социалдык торчолордун бири аркылуу таанышканбыз. Менин кээде-кээде баракчама жазып койгон ырарыма калтырбай өз пикирин жиберип калчу. Бара-бара экөөбүз көп сүйлөшчү болдук. Анткени, улам кат жазган сайын анын саптарынын ары тереңинде кандайдыр сыр жатканын аңдачу болгомун. Журналисттик ишимден уламбы, айтор мага андагы тымызын сыр улам кызык болуп туруп алды. Бир күнү аны кездешүүгө чакырдым. Бирок, көпкө чейин убактысы жок экенин айтып жүрүп, акыры макул болду. “Мен сизге өзүмдүн тагдырым тууралуу айтып берсем, жазасызбы?” – дейт. “Жазам”, - дедим. Анан анын акыркы сөзү мени эңги-деңги кылып жиберди: “Мен “көпөлөк” болуп иштейм... Жолуга бересизби?” Ошентип,
    6 комментариев
    36 классов
    Аңгеме Дарбаза күтүүсүз кагылды. Канайым эшик ачардан мурун кайсыл маал экенин билгиси келгендей терезени карады. Көз байланып келатыптыр. Бул шаарда кечкисин өзү жоктоп келе турган жакыны деле жок эле. Эч кимди күтчү да эмес. Ошол замат кошуна кыздар го деген түкшүмөлү көңүлүндөгү дүрбөлөңдү бастады. Жатакананын үчүнчү кабатында жашаган жумушчу кыздар менен тиричиликтин кемиген буюмдарын алыш-бериш кыла коюшчу. Канайым алардын сурап келгендерин үндөбөй сунат да, эшик жабылары менен шыңкылдашкан бойдон узап кетишкенин кызгана тыңшап калчу. Адегенде алардын күлкүсүн өзүнө алып жүрдү. Бара-бара бул бийкечтердин качан болбосун күлкү кыстап, а көздөрү тынымсыз ойноктоп турганын жаштыктын алоо т
    0 комментариев
    103 класса
    #БирОмурдунБаяны 28-болум Максат буту жакшы болгончо үйүнөн эч жака чыккан жок. Эрмеги тарыхый чыгармаларды санжыраны окумай. Марат болсо Данилдин баардык туугандары менен, досторун сыртынан аңдытып койду. Каныбек жайлоодо калган, өз тиричилиги менен. Данилдин жанындагы эки жигитинин бири, жарадар болуп Мараттын жигиттери таштап кеткен, ооруканада бир апта жатып айыгып чыкты. Экинчиси өз айылына барып, атасы менен жайлоого чыгып кетти, мал чарбачылыгы менен. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү Ысык Көлдүн, Каркыра жайлоосуна эс алууга барышып, ошол жерден талкууга алуучу көп маселелерди чечишти. Марат ордун өткөрүп берүү ниетин айтса, баары каршы болушту. Анткени Марат бирден бир белгилүү болч
    3 комментария
    40 классов
    #БирОмурдунБаяны 27-болум Тоонун ар бир кокту колотун, ой чуңкурун баары тинте карап чыгышты. Жер жутуп кеткенсип Данил, жана жанындагы жигиттен дайын жок. Күн батып, көз байланганда суу жээгине келип токтолушту. Марат чарчаңкы үн салды. Канаке эми кандай кылабыз? Ушинтип колдон чыгарып жибердикпи? Ойлоно бербе Марат. Ал эми кайтып келбейт. Бизде туткунда жүргөн жигит барго. Ошондон баарын айттырып билип алсак болот. Кандай дейсиң? Маратка суроолуу карады Каныбек. Аа баса ал жигит эсимден чыгып кетиптир. Ошону алып келгилечи! Жанындагы жигиттерге буйура сүйлөдү. Машинанын ичинде колу таңылган жарадар жигитти алып келишти. Жашагың келеби? Марат суроо берди. Кимдин жашагысы
    2 комментария
    31 класс
    #БирОмурдунБаяны 26-болум Максатты машинага салыша, шашылып калышты жигиттер. Жигиттер мага көңүл бурбай Данилди тапкыла, ал кайсы жерге жашынды? Айлана тегеректи бүт карап чыккыла. Жарайт Макс, бирок сага кыйын болуп калбайбы? Бутун шишип кетиптир? Жок жигиттер мага кабатыр болбогула. Чыдаса болот! Деп жооп берди Максат. Ичинен сыздап, кыйналганын билгизгиси келген жок. Буту кыймылдаса эле, жаны көзүнө көрүнүп катуу ооруп чыкты. Жанындагы жигиттер тегеректи бүт кайра караганы чачырап кетишти. Максат болсо машинада калды, жоопсуз суроолорго жооп издей. Каяка жашынып калды? Кантип эле заматта жер жуткансып жок болуп кетти? Же көз боёмочулук кылып кеттиби? Андай өнөрү болсо
    3 комментария
    26 классов
    #ЭненинЖеңиши Айылдын керемет таңы. Чымчыктар өз тилинде сайрап, тиричилик башталган эле. Таң эрте ойгонгон Шааркан эне үйдөгүлөрдү ойготуп албайын деп акырын кыймылдай баштады. Ашканага кирип, ун салган каптын оозун ачып, камыр жууруганга киришти. Түшүнө маркум абышкасы кирген экен. Жыт чыгарып, ага атап куран түшүрүп койгусу келди. Ордунан туруп баратканда жанындагы үбөлүк бош чакага тийип, аны каңгыратып жиберди. Ошол замат тили заар келининин жүзүн элестетип кемпир жыйрыла түштү. «Аңкылдайт эми, катыгүн ай, акырын кыймылдабай» деп кейип алды кемпир байкуш. Оюн жыйгыча эле төркү бөлмөдөн жарым жылаңач чыга келген келини көзүн үлүрөйтө жактырбай тиктеп алды. – Бир күн да ушул үйдө тынчты
    14 комментариев
    86 классов
    ЖЫРГАЛ СУЛАЙМАНОВ... (Аңгеме) Жайлоо. Желедеги бээлерди саап жүргөн эки бети кызыл, коюуу узун кара чачын өрүп таштап коюп, бутундагы маасы көлөчү кечээги жамгырга ылайкы болгон көк чөпкө тайып жыгылып кетейин деген Марал жүрөт. Желедеги бээлер жат адам келе жатканын кабарлагандай кишинеп кирди, айгыр ат желедеги бээлерди башка айгырдан кызганган түрдө алдыңкы буттары менен жерди ойо чапчып желени тегерене кетенчиктеп кошкуруп калды. Марал башындагы ак жоолугун, маңдайына түшүп калган көкүлүн кошо колу менен өйдө имерип кылчайып артын карады. Тоо капталында кашка ат минген, кара мойлоочон, башына тебетейин баса кийген сүрдүү көз карашы менен караган эркек: - Арыбаңыз сулуу. Жок изде
    14 комментариев
    177 классов
Закреплено
  • Класс
Фото
  • Класс
Фото
  • Класс
  • Класс

ТАК

...
  • Класс
  • Класс
  • Класс
  • Класс
  • Класс
  • Класс
  • Класс
Показать ещё