А.В АТАКТУУ БАБАЛАРЫ.
Чындыгында , ааламдын мырзасынын касиетту нуру мандайында аманат катары жаркыраган баардык бабалары тууралуу так маалыматтарга ээ эмеспиз.
Анын бабаларынын ичинен кийинки замандагылары тууралуу гана маалыматтар бар .Биз бул жерде Пайгамбарыбыздын С.А.В атактуу бабалары жонундо кыскача баяндап отобуз .
КУСАЙ.
Пайгамбарыбыз С.А.Вдын тортунчу бабасы Кусайдын оз аты-Зайд болгон.Ал чойросуно белгилуу , атактуу инсан эле.
Анын Зухра деген жалгыз бир тууганы болгон.
Азирети Адамдан (а.с) бери келе жаткан нурга ээ болуу бактысы , эки бир туугандын ичинен Кусайга насип болгон.Балдардын улуусу болгондуктан , уй булого баш коз болуу милдети да ага жуктолгон эле.
Кичине кезинен кыраакылыгы менен козго урунган Кусай , кийин чонойгондо Меккенин кадыр барктуу адамдарынын бирине айланган .Ал озунун иш билгилиги , жондомдуулугу жана адилеттуу чечимдери аркылуу кыска убакыттын ичинде Мекке калкынын арасында зор ишенимге жетишти.Ушул себептен Меккени башкаруу укугу ага ыйгарылды .Ал эн биринчи болуп Меккени айыл конуштарга болуп иреттеп , ар бир урууну озуно ажыратылган конуштарга жайгаштырды.
Меккенин орчундуу иштери анын уйундо талкууланып , чечилчуу .Каабанын устун жабуулоо милдети , ажыга келгендерди иче турган суу менен камсыз кылуу милдети, согушка чыккан учурда желек кадоо жана Меккедеги кенеш жыйындарын башкаруу сыяктуу зарыл иштер ага тапшырылган эле.
Каабанын мандайындагы эшиги Каабага мандай тескей келтирилип курулган алгачкы уй да ага таандык болгон.Бул уй кезегинде Меккенин окмот уйу ондуу эле, башкача айтканда Мекке шаар башкармалыгынын ар кандай иштери каралчуу парламент имараты сыяктуу эле.
Кусайдын бул сарайы тарыхта ""Даарул -Надва"" (Жыйын короосу) деген ат менен белгилуу болгон жана хижраттан жарым кылым кийинки убакыттарда чейин оз калыбында сакталып турган.
Кусай, Меккеде элдин баарына кадыр -барктуу , сыйлуу адам болгон .Мандайында жаркыраган Пайгамбарыбызга С.А.Вга таандык нур , аны бут Мекке калкына суймончук адамына айландырган эле.
Ал бир топ картайып калганда , атадан калган салт боюнча уй булоону башкаруу укугун уулдарынын улуусу Абдуд -Дарга тапшырып :
""Суйуктуу уулум ! Сени ушул элге башчы кылып бекиттим ""-деди.
Абирок Абдуд -Дар бул чон мамлекетти аркалап кете албагыдай абалда эмес эле .Ал бир аз жондомсуз чыгып, омур боюу атасынын ордун толтуруп кете албады .Анткени суйуктуу Пайгамбарыбыздын С.А.В асыл нуру анын мандайында эмес , озунун кичине иниси Абдуманафтын мандайында жаркыраган эле.
Анын Хашим, Абдушаамс, Муталлиб жана Науфал атту торт уулуу болгон .
Уландысы бар ....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1