Күйөөсү менен аялы абдан кедей жашачу. Бирок, башка тартса бутка, бутка тартса башка жетпеген кедейчилик алардын ынтымагын буза алган жок. Алар абдан ынтымактуу жашоо кечирчү. Бир түнү аялы күйөөсүнө эркелей карап:
- Жаным, чачым чатышып аябай жүдөп кеттим, мага бир тарак сатып бере аласыңбы? – деп суранып калды. Күйөөсү оор үшкүрүп:
- Жаным, бир аз сабыр кыла тур, ал эмес саатыма боо ала албай жүрөм, - деп жооп кайтарды. Акылдуу аял сөзүн экинчи жолу кайталаган жок. Жубайлар өз ойлору менен көпкө алп урушуп жатып уктап кетишти.
Эртеси эртең менен күйөөсү жумушка кетти. Түшкө чейин жумушун бүткөрүп, шашып-бушуп базарга барды да, жарыбаган акчага боосу жок саатын сатып, жакшынакай тарак сатып алып, үйүнө шашылды. Үйүнө кубанычы койнуна батпай келген күйөөсүн аялы да кубануу менен тосуп турган экен. Бирок, экөө бири-бирин көрөр замат жүздөрү томсоро түштү. Аялы босогодо турат. Чачы түбүнөн кыркылган. Колунда саатка боо. Күйөөсү да босогодо. Колунда тарак. Экөө тең бир азга селейе катып калышты да, анан көз карегине айлана түшкөн көз жаштарын бири-биринен жашырып, кучакташып калышты. Дүкүлдөп соккон жүрөктөр бул эки жан бири-бири үчүн өлүмгө да даяр экенин айтып жаткансып дүкө-дүк, дүкө-дүк кагып жатты..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1