Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов.
Бирөөлөргө кечиримдүү болуп, алардын кетирген кемчилигине унчукпай калсаң, адамдар муну коркоктук деп түшүнүп калышты. Бул унчуга албай калды, демек коркуп жатат деп ойлошот. А, чынында, кечиримдүүлүк – бул, пенденин Аллахка болгон ыйманынын далили. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: “Пенделер Алла Тааланын жер бетине курган имараттары, ким аларды бузуп, талкаласа, ага Алланын лаанаты болсун”.
Икрима бин Абу Жахл деген сахаба болгон. Абу Жахлды баарыбыз жакшы билебиз, пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң негизги душманы болгон. Анын мусулмандарга көргөзбөгөнү калган эмес. Абу Жахлдын баласы Икрима да пайгамбарга жана мусулмандарга атасынан кем калбай душмандык кылган. Атасы өлгөндөн кийин да Икрима каршылыгын токтотпой жалпысынан Меккеде он үч, Мадинада сегиз жыл, тактап айтканда жыйырма бир жыл мусулмандарга каршы согушуп, аларга колунан келген жамандыгын көрсөтүп турган.
Мына ошол Икрима, Алланын каалоосу менен, бир күнү Исламды кабыл кылып, пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалардын жанына келет. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын келе жатканын билип, сахабаларына: “Азыр силердин алдыңарга Абу Жахлдын баласы Икрима келет. Ал Аллахка ыйман келтирип, дин жолунда хижра кылып, мекенин таштап келе жатат. Силерге келгенде анын атасына акаарат кылып, сөз тийгизбегиле. Анткени, өлүктү сөгүү тирүүгө ыза берет, бирок өлүккө жетпейт” дейт.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кечиримдүүлүгүн караңыздар, атасы өлөр-өлгөнчө, баласы жыйырма үч жыл пайгамбарлыктын жыйырма бир жылын мусулмандарга каршы өткөргөн адамдарды кечирип, тирүү турган өзү ары турсун, өтүп кеткен атасына да сөз тийгизбегиле деп, сахабаларына алдын-ала эскертип жатат. Мына, Исламдагы кечиримдүүлүк мына ушундай болот…
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
БАШКАЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮНҮ УНУТПАҢЫЗ!.
*БИЗГЕ КАТТАЛЫҢЫЗДАР⤵*
➜ http://ok.ru/group/Yimanmediakg ➜ Facebook.com/Yimanmedia.kg ➜ Instagram.com/Yimanmedia.kg ➜ telegram.me/Yimanmediakg ➜ Vk.com/Yimanmedia ➜ youtube.com/channel/UCGT_h0gRLF9jJDCvлsm3mg4Q ➜Группа►+996 507 030 933
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
➥ЫЙМАН МЕДИА порталы✓
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2