- "Айтыңызчы, мен неге ушунча кедей болуп туулдум экен?-" деп наалыйт.
Даанышман аны карап туруп:
- "Себеби, сен адамдарга жоомарттык таанытпайсың, өтө сараңсың,-" деп жооп берет. Бул жоопко таң калган кедей:
- "Колумда бере турган эч нерсем жок болсо, тапканым өзүмөн ашпаса, кандай жоомарттык таанытам?-" деди. Анда карыя:
- "Негизи сенин адамдарга жакшылык жасоого беш мүмкүндүгүң бар. Ошол мүмкүндүктөрдү ойготуп, жүзөгө ашырганыңда мындай дебес элең,-" деди.
Таң калган кедей анын кандай мүмкүндүктөр экенин сурады.
Анда даанышман:
"Биринчиден, өзгөлөргө жылмайып кара, күлүмдөп жүр. Алла кааласа, ушул аркылуу да садага жасап, сооп алууга мүмкүндүк бар."
"Экинчиден, айланаңа мээрим менен кара, алар сенин көзүңөн жалаң жакшылык менен мээримдүлүк көрө турган болсун."
"Үчүнчүдөн, сен сакоо эмессиң, сүйлөй аласың. Эмесе, адамдардан жакшы сөзүңү аяба."
"Төртүнчүдөн, жүрөгүң токтоосуз согуп турат. Эмесе, чын ыкласың менен, жан дилиң менен берилип туруп башкаларга жакшылык тиле, алардын өмүрүнүн берекелүү болуу, турмуштары жакшы болуу үчүн дуба кыл."
"Бешинчи, буту-колуң соо. Ден соолугуңу пайдаланып, калкка пайдалуу иштерди жаса, чын дилден көмөктөш,- "деген экен.
Карыянын бул сөздөрү кедейди катуу ойлонтту.
"Ооба, адамды бай кылган дүнүйө-мүлк менен акчасы эмес, кардай аппак пейили менен адал, аппак көңүлү!"
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев