Илгери эл боз үйдө жашаган заманда бир кудагый дагы бир кудагыйыныкына конокко келет. Үйдүн ээси болгон кудагый шакар кайнатып самын жасап аткан болот. Мунун түйшүгү өтө чоң болгондуктан самынды деле жасаган аял жасачу экен. Меймандап келген кудагыйдын көзү коломто четиндеги ташка жабылган эки тоголок самындан өтөт. Үй ээси болгон кудагый кирип-чыгып ишин бүткөрүп жүрөт. Ал сыртка чыгып кеткен бир маалда мейман кудагый тоборсуп аткан самындардын бирин шып алып, этегин көтөрүп, шымынын ичине салып жиберет. Ошол маалда сырттан кудагыйы кирип калат. Ысык самын этине жабышып, ордунан секирип туруп: "Калак, кокуй, калак!"- деп үй ичинде ары-бери жүгүрө баштайт. "Ой деги тынччылыкпы, эмне болуп кетти, кудагый?" - деп таң калат үй ээси. "Калак, калак! Калак деген каадам эле, кудагый. Калак, калак!" - деп жүгүрүп-тынып, олтуруп-туруп ойдолой берет мейман кудагый. Үй ээси баам салып караса жаңы эле таштын үстүнө көмөрүлгөн эки ысык самындын бири жок. Ошондо гана иштин жайын түшүнүп: "Болоору болуптур. Эми ишиң бүттү, кудагый", - деп айтат дейт...
Бул эми илгери болгон иш. Азыр шакар самынга жетүү үчүн андай чоң курмандыктын зарылдыгы жок. Сокулуктук Мирлан Дүйшөнбек уулу деген эр жигит мына ошол элдик суперсамындын түрүн жасап "Айыл азыгына" алып келип койду. Антсептиктин атасын таанытат, буга туруштук берээр кир жок өзү табиятта, кычыткы-пычыткы, денедеги ысык-пысык дегенди бир-эки жууганда шылып түшөт. Эң башкысы - эч зыянсыз, терини кургатпайт, кеберситпейт. Алабата, эрмен, шыралжын, адрашман сыяктуу чөптөрдүн күлүн эчкинин майына жууруп кайнатылган, зыяндуу химиялык кошулма деген нөл. Илгеркиден айырмасы - азыркы табитке жараша болсун деп кара зире, күкүрт, сүт, чычырканак, бал, кара май, кара баткак сыяктуу сыяктуу дары кошулмаларды кошуп, шаанисин чыгарып коюптур Мирлан баатыр. Миң уккандан бир көргөн дейт, алып, сынап көргүлө. Жакпады десеңер беребиз акчаңарды кайтарып. Баары тең 80 сомдон. Дарегибиз: Фрунзе көчөсү, 605а (Жаш Гвардия менен кесилиште).
#made_in_kyrgyzstan
#Өзүбүздүкүн_Колдо
Бейшенбек Бекешов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 28