1 кг эт,
250 грамм май,
3-4 баш пияз,
4-5 баш картошка,
3-4 көк калемпир,
1 баш сарымсак, ашкөк,
татымына жараша калемпир-мурч, туз.
Даярдоо ыкмасы:
Адегенде карын менен бөйрөк майларын көөлгүтө сызгырып алат, ага анча чоң эмес бөртө-бөртө тууралган этти салат, кыя тууралган пияз, сарымсак кошот, баарын аралаштырып куурат, туз, мурч салат, отту кичирейтип, 30-40 минута бышырат. Анда-санда аралаштырып туруу керек. Куурдак куурулган майы менен бирге берилет, көбүнчө ысылык катары желет, майы жүрөккө тийбейт. Жаңы союлган малдын өз майына куурулган куурдак даамдуу.
Куурдактын бир нече түрү куурулат.
Кара куурдак уйдун, койдун, эчкинин, эликтин, бугунун этинен жасалат. Эт күрөң тартканга чейин майга куурулат. Бөртө тууралган боор, жүрөк, бөйрөк кошулган куурдак ширелүү, даамдуу, тузу өткүрүрөөк болот.
Солкулдак куурдак куш тил тууралган жаш эттен бууга демделип, жай күйгөн отко бышырылат. Бул куурдактын эти жумшак жана жегиликтүү келет.
Борпошо куурдак куурулган этке бир аз суу куюлуп, андан кийин жай күйгөн отко 30-40 минута бышырылат. Борпошо куурдак чыгы менен дасторконго коюлат.
Жакса класс!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1