(бөбөктүн ою)
"Чоң эне - бул өзүнүн балдары жок аял. Ал башкалардын кичинекей балдарын, кыздарын аябай жакшы көрөт. Чоң же тайата - бул деле чоң эне, бирок эркек киши. Ал балдарды жакшы көрөт, көп жомокторду айтып берет, көп нерселерди үйрөтөт. Чоң эне эч кандай жумуш кылбаш керек, себеби дайыма конокто жүрөт. Алар улгайып калган үчүн жүгүрө да секире да алышпайт. Бирок алар бизди парктарга, кызыктуу жайларга алып барышат. Аларда акча көөп болсо керек, себеби селкинчек, аттракциондорго ойнотушат. Эгерде алар менен сейилге чыксаң, эч качан шашышпайт. Айлананы кооздугун карашат, жалбыракта сойлоп бараткан курт-кумурскаларды да көрсөтүшөт. Алар: "жүр тезирээк баралы" деп шаштырбайт. Алар көз айнек тагынышат жана тиштерин чыгара алышат)) Аларга көп ар түрдүү суроо берсең болот: "Эмнеге уй мөөрөйт?", "Сөөл жыландын башы каякта?", "Эмнеге ит мышыкты кубалайт?" деп. Алар бир эле жомокту көп кайталап айтып беришет, бирок аны күндө уксаң да жадабайсың.
Ошон үчүн ар бир бөбөктүн чоң энеси болсун! Себеби алардын дайыма БАЛДАР ҮЧҮН БОШ УБАКТЫСЫ БАР!!!"
#карысыбардынырысыбар #чоңэнелергеарналат
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев