Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Бакыт
Бакыт дүйнө кезип, алдынан жолугуп андан бакыт сурагандардын каалоо-тилектерин орундатып жүрдү. Күндөрдүн бир күнү Бакыт байкоосуздуктан аңга түшүп кетти. Канчалык аракет кылса да аңдан чыга албады. Адамдар эми ошол аңга, чукурга келишип, Бакыттан ар түрдүү каалоолорун сурап жатышты, а Бакыт адаттагыдай алардын тилектерин орундатып жатты. Бирок тилекке каршы эч бирөөсү Бакытты аңдан чыгарууну ойлободу. Жаш улан жолдо баратып аңга түшкөн Бакытты көрдү. Таң калыштуусу ал Бакыттан өзү үчүн эч нерсе сурабады. "Сен эмне каалайсың?" - деп сурады Бакыттан. Бакыт: "Мени бул жерден чыгарып коюшуңду каалайм"- деп жооп берди. Улан Бакытты аңдан чыгарып өз жолун улады. Ал эми Бакыт жаш уланды ээр
0 комментариев
5 классов
Жакшылык жана жамандык
Эки дос көл жээгинде баратып, тартыша кетип бири экинчисинин жаагына бир муштады. Ыза болгон досу жээктеги кумга: "Мен бүгүн эң жакын досуман муш жедим", деп жазды. Бир канча убакыт өтүп экөө кайра көлгө келишти. Көлдө сүзүп баратып муш жеген жигит кырсыктап чөгүп кетишине аз калды. Досу аны сактап калды. Бул жолу ал ташка: "Бүгүн эң жакын досум менин өмүрүмү сактап калды", деп жазды. Анда досу сурады:
- Менден муш жегенде кумга жаздың эле, эми өмүрүмү сактап калды деп ташка жаздың. Эмнеге?
- Эгерде кимдир бизди капа кылса, көңүлүбүздү оорутса, аны кумга жазышыбыз керек. Себеби ошол капачылыкты кум менен кошуп шамал же толкун жууп кетсин. Ал эми, кандайдыр жакшылык
0 комментариев
1 класс
ЧОҢ ЭНЕ ДЕГЕН КИМ?
(бөбөктүн ою)
"Чоң эне - бул өзүнүн балдары жок аял. Ал башкалардын кичинекей балдарын, кыздарын аябай жакшы көрөт. Чоң же тайата - бул деле чоң эне, бирок эркек киши. Ал балдарды жакшы көрөт, көп жомокторду айтып берет, көп нерселерди үйрөтөт. Чоң эне эч кандай жумуш кылбаш керек, себеби дайыма конокто жүрөт. Алар улгайып калган үчүн жүгүрө да секире да алышпайт. Бирок алар бизди парктарга, кызыктуу жайларга алып барышат. Аларда акча көөп болсо керек, себеби селкинчек, аттракциондорго ойнотушат. Эгерде алар менен сейилге чыксаң, эч качан шашышпайт. Айлананы кооздугун карашат, жалбыракта сойлоп бараткан курт-кумурскаларды да көрсөтүшөт. Алар: "жүр тезирээк баралы" деп
0 комментариев
3 класса
Ата-эне биздин канатыбыз
Бийик тоолуу райондо эки айылды бириктирген жол бар эле. Ошол жолдо бир терең капчыгайдан өтүү үчүн асма көпүрө курулган эле. Асма көпүрөдө жыгачтан баскычтар, ал эми эки жагында эки аркан кармагычы элдин керегине жарап жатты. Элдер ал асма көпүрөдөн көп өтүп үйрөнүп калган үчүн, кармагыч арканды кармабай деле басып өтүшсө, жаш балдар кармагычсыз эле көпүрөдөн коркпостон чуркап өтүп жүрүштү. Бир күнү ошол эки кармагыч аркан дайыны жок жоголуптур. Эрте менен көпүрөдөн өткөнү келген эл кармагычы жок өтө албай эки жакта туруп калышты. Аркан барда кармабай баскан эл, аркан жокто өтүүгө жүрөктөрү даабай, коркуу пайда болду.
Мына ушул көпүрө сыяктуу, ата-энебиз тирүү кезд
0 комментариев
7 классов
Кызыма
Жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар бир күнү эшикти эч кимге ачпайлы деп макулдашышты. Бирок эшик такылдап биринчи коноктор, күйөөсүнүн ата-энеси келишти. Жаш жубайлар эмне кылаарын билишпей бири-бирин тиктешти. Күйөөсү эшикти ачкысы келди, бирок сөз бергенмин деп эшикти ача албады. Ата-эне кире албай кетишти. Бир аз убакыт өтүп-өтпөй ошол эле күнү аялынын ата-энеси келишти. Аларда эшикти такылдатып күтүп калышты. Жубайлар дагы тиктешип калышты, бирок аялы макулдашууну бузуп, ыйламсырап: "Мен ата-энеме мындай мамиле кыла албайм!"-деп эшикти ачты. Күйөөсү эч нерсе дебеди.
Ошентип жылдар өтүп, жубайлар эки уулдуу болушту. Бир нече жылдардан кийин кыздуу болушту. Мына ошондо күйөөсү кыздуу болд
0 комментариев
28 классов
Жакшы сөз жан эритет, жаман сөз жан кейитет.
Акылман окуучуларына суроо берди:
- Эмнеге адамдар урушканда кыйкырышат?
- Себеби, урушкан адам тынчы кетип, өзүн жоготот,- деди бир окуучу.
- Бирок урушкандар бири-бирине жакын турушса да эмнеге кыйкырышат? Кыйкырбай эле урушууга болбойбу? Эмнеге адам ачуусу келгенде кыйкырат? - деди акылман.
Окуучулар ар түрдүү жоопторду айтышты, бирок бир да жооп акылманды канааттандырбады. Анан өзү жооп берди:
- Адамдар бири-бирине нааразы болуп урушканда алардын жүрөктөрү алыстайт. Ошол жүрөктөрдүн алыс аралыгында үн жеткирүү үчүн бири-бирине кыйкырып сүйлөшөт. Канчалык катуу ачууланган убакта ошончолук жүрөктөр алыстай берет, ошончо катуу кыйкыра башташ
1 комментарий
7 классов
Амалкөйдөн айла качып кутулбайт!
Бир күнү жолборс аябай ачка болуп, аңчылап баратса, алдынан түлкү чыгат экен. Жолборс сүйүнгөнүнөн түлкү көзүнөн өтүп, аны жалмаганга даярданып секирейин дегенде:
- Сен мени жесең болбойт, себеби мени Жараткан Улуу Падыша асмандан жерге жөнөттү. Бардык жаныбарлардын башчысы кылып шайлады,- деди түлкү камырабай,- эгерде мени жесең Анын каарына каласың!
Түлкүнүн сөздөрү жолборсту ойлондуруп, арсар боло түштү. Бирок ашказаны ачышып, "эмне кылсам?" деп ойлоду. Түлкү жолборстун акыбалын сезип:
- Сен мени алдап жатат деп ойлоп жатасың э? Ишенбесең азыр мени ээрчип жүр, көрөсүң баардык жаныбарлар мени көрөөрү менен коркконунан качышат. Башкача болушу да мүмкүн эмес
0 комментариев
2 класса
Жакын аккан суунун кадыры жок.
Бир жолу бир келин молдого келип:
- Эки жыл мурун Сиз күйөөм экөөбүздүн никебизди кыйып баш коштук эле. Эми суранарым, ажыраштырыңыз бизди, мен аны менен артык жашай албайм,- деди.
- Себебин билсем болобу? - деп сурады молдо.
- Баарынын күйөөлөрү жумуштан кийин үйүнө убагында келишет. А менин күйөөм болсо дайыма кеч келет. Ошонун айынан көп урушабыз,- жооп берди келин. Анда молдо:
- Ошол үчүн элеби?
- Ооба, мен мындай кемчилиги бар эркек менен жашай албайм! - деди келин.
- Ажыраштырсам ажыраштыра берем дечи, бирок бир шартым бар. Мага бир нан бышырып келесин. Нанга үйүңдөн туз да, суу да, ун да албай, баарын кошуналарыңдан сурап, эмнеге сурап жатканыңды а
0 комментариев
3 класса
Чыныгы сүйүү жөнүндө...
Бир айылда аябай сулуу чүрөк жашаган экен. Бирок бир да жигит ал чүрөктүн колун сурап жуучу жөнөткөнгө эрки жетпейт экен. Себеби, коңшулаш айылда жашаган бир акылман айткан экен:
- Эгерде ким ал сулууну бетинен өпсө өлөт, - деп.
Акылманды баары таанычу жана ал эч качан адашпаганын билишчү. Айылдын менмин деген ондогон баатыр жигиттери чүрөккө алыстан көз артышып, жакындай албашыптыр. Ошентип күндөрдүн бир күнү айылда бир жаш жигит пайда болуптур. Ал да башка жигиттердей сулууну бир көрүп сүйүп калыптыр. Жигит эч нерсени ойлонбостон, тосмодон секирип өтүп, сулууну колунан кармап, бетинен өөп алат. Көргөн эл "Ахх", дешип коркуп кетишиптир, "эми жигит өлөт" дешип таң