Жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар бир күнү эшикти эч кимге ачпайлы деп макулдашышты. Бирок эшик такылдап биринчи коноктор, күйөөсүнүн ата-энеси келишти. Жаш жубайлар эмне кылаарын билишпей бири-бирин тиктешти. Күйөөсү эшикти ачкысы келди, бирок сөз бергенмин деп эшикти ача албады. Ата-эне кире албай кетишти. Бир аз убакыт өтүп-өтпөй ошол эле күнү аялынын ата-энеси келишти. Аларда эшикти такылдатып күтүп калышты. Жубайлар дагы тиктешип калышты, бирок аялы макулдашууну бузуп, ыйламсырап: "Мен ата-энеме мындай мамиле кыла албайм!"-деп эшикти ачты. Күйөөсү эч нерсе дебеди.
Ошентип жылдар өтүп, жубайлар эки уулдуу болушту. Бир нече жылдардан кийин кыздуу болушту. Мына ошондо күйөөсү кыздуу болдум деп туугандарын, дос-жарларын чакырып чоң кече уюштурду. Кече бүткөндө аялы таң калып сурады:
- Кызыбызга деп аябай жакшы кече өткөрдүк, ал эми эки чоң уулдарыбызга мындай кылбаганбыз. Себеби эмнеде?
- Себеби, мына мага эшик ача турган кыз төрөлдү,- деп жөн гана жооп берди күйөөсү.
Кыздар - өтө башкача мээримдүү болушат.
Кызыңыз сиздин колуңузду аз убакыт жетелеп жүрүшү мүмкүн, бирок сиздин жүрөгүңүздү өмүр бою өзү менен алып жүрөт.
Кыздар - жердеги периштелер.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев