Акылман окуучуларына суроо берди:
- Эмнеге адамдар урушканда кыйкырышат?
- Себеби, урушкан адам тынчы кетип, өзүн жоготот,- деди бир окуучу.
- Бирок урушкандар бири-бирине жакын турушса да эмнеге кыйкырышат? Кыйкырбай эле урушууга болбойбу? Эмнеге адам ачуусу келгенде кыйкырат? - деди акылман.
Окуучулар ар түрдүү жоопторду айтышты, бирок бир да жооп акылманды канааттандырбады. Анан өзү жооп берди:
- Адамдар бири-бирине нааразы болуп урушканда алардын жүрөктөрү алыстайт. Ошол жүрөктөрдүн алыс аралыгында үн жеткирүү үчүн бири-бирине кыйкырып сүйлөшөт. Канчалык катуу ачууланган убакта ошончолук жүрөктөр алыстай берет, ошончо катуу кыйкыра башташат.
- Ал эми адамдар бири-бирин жактырса, кыйкырышпай акырын сүйлөшөт. Себеби, алардын жүрөктөрүнүн аралыгы жакын болот,- деди акылман, - ал эми бири-бирин сүйүшсө, анда шыбырашып сүйлөшүшөт, себеби жүрөктөрдүн аралыгы өтө аз болот. Акыры сөздүн деле кереги жок болот, булар өтө сүйүшкөн адамдар, алар бири-бирин сүйлөбөстөн көз караштан түшүнүшөт.
Мына ошондуктан жакын адамдарыңардын жүрөгүн алыстатпаганга аракет кылгыла. Жаман сөз айтпагыла, жаман сөз ошол аралыкты кайра бириктире албай турган абалга жеткириши мүмкүн.
Эч кимге эч качан бир нерсени түшүндүрүүнүн кереги жок, себеби, уккусу келбеген адам эч качан укпайт, ал эми укканды билген адам түшүндүрүүгө муктаж эмес. #ОКУГАНДАРГАРАХМАТ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1