Бир айылда аябай сулуу чүрөк жашаган экен. Бирок бир да жигит ал чүрөктүн колун сурап жуучу жөнөткөнгө эрки жетпейт экен. Себеби, коңшулаш айылда жашаган бир акылман айткан экен:
- Эгерде ким ал сулууну бетинен өпсө өлөт, - деп.
Акылманды баары таанычу жана ал эч качан адашпаганын билишчү. Айылдын менмин деген ондогон баатыр жигиттери чүрөккө алыстан көз артышып, жакындай албашыптыр. Ошентип күндөрдүн бир күнү айылда бир жаш жигит пайда болуптур. Ал да башка жигиттердей сулууну бир көрүп сүйүп калыптыр. Жигит эч нерсени ойлонбостон, тосмодон секирип өтүп, сулууну колунан кармап, бетинен өөп алат. Көргөн эл "Ахх", дешип коркуп кетишиптир, "эми жигит өлөт" дешип таң калышат. Бирок жигит сулуу менен дайыма жолугушуп, экөө бири-бирин сүйүп калышат. Чүрөк ал жигитке турмушка чыгууга макулдугун берет. Таң калган баатыр жигиттер акылмандан сурашты:
- Сулууну өпкөн жигит өлөт, дебедиң беле?
- Мен айткан сөзүмдү танбаймын. Бирок мен ошол замат өлөт дебедим, кийин, качандыр бир күнү, бактылуу көп жыл өмүр сүрүп анан ....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев