Бир жаш жигиттин аябай ачуусу чукул, өзүн кармай албаган, бирөөлөр менен бат эле урушуп кеткен адаты бар экен. Бир күнү жигиттин атасы жазалайын деп бир кутучада толо мык берди да, ага ар бир ачуусу келгенде короодогу жыгач кашаага ошол мыктан бирден кагуусун буюрду. Биринчи күнү кашаага ондогон мыктарды какты. Кийинки жумада ачуусун токтотуп, өзүн кармай баштады, мурункудан кашаага мыктарды азыраак какты. Ошентип күндөн күнгө кагылчу мыктар азая берди, жигит өзү да мык каккандан ачуусун басканы жакшы экенин түшүнүп калды. Жигиттин ачуусу бир да келбей өзүн өтө жакшы кармаган күн да келди. Ошол күндөн баштап атасы кашаадагы мыктарды бирден күнүнө кайра суурушун буюрду. Күндөрдүн бир күнү жигит атасына кашаада бир да кагылган мык калбаганын айтты. Ошондо атасы уулун жетелеп кашаага келди да:
- Азаматсын, менин айтканымды жасадың. Эми карачы кашаада канча тешик пайда болду? Бул тешиктерди кайра ордуна келтирүүгө мүмкүн эмес. Ошол сыяктуу бирөөгө ачууң келгенде айткан жаман сөзүң ал адамга да так калтырат. Ал сөзүңдөн кийин канчалык кечирим сураба, ал так кетпейт!
АЙТЫЛГАН СӨЗ АТЫЛГАН ОК.
#жашоо#адеп#атанынсөзү#акылкептер
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев