Бир адам жаңы чоң жана кооз үй сатып алды. Мөмөлүү багы да бар экен. Бул үйдүн жанында эски жепирейген үйдө көрө албас кошуна жашачу. Ал кошунанын дубалынын түбүнө таштанды таштап, же дагы башка жүзү каралык кылып көңүл калтырчу иштерди кылчу. Бир күнү жаңы кошуна эрте менен жакшы маанайда ойгонуп, эшик алдында турган жугунду, калдыктарга толгон чаканы көрдү. Ал кошунасынын кылыгы экенин билди. Чаканы алып, ичиндеги калдыктарды төгүп, аны жалтырата таза жууду. Бакка кирип бышып турган эң чоң кызыл алмалардан чаканы толтуруп кошунасынын үйүнө кирди. Көрө албас кошуна аны күтүп жаткан, чоң жаңжал болот деген ойдо даяр турган эле. Жаңы кошунасы алма толо чаканы сунду да:
- Ким эмнеге бай болсо, ошонусу менен бөлүшөт!- деди.
#кошуналар#жашоо#көрөалбастык
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев