Учакты башкарып бараткан учкуч жардамчысына кайрылды:
- Ылдыйдагы көлдү көрдүңбү? Мен ошол көлдөн алыс эмес жердеги айылда төрөлүп өскөм. Тигине ошол айыл, көрдүңбү? - деп сөөмөйү менен айылды көрсөттү. Айыл көлдүн жээгинде кичинекей болуп көрүндү.
- Мен ошол айылда төрөлгөм. Бала кезимде көлдөн балык кармайт элем. Балык уулоону аябай жакшы көрөм. Балалыгымда ошол көл жээгинде балык кармап отурганда асманда көп учактар учаар эле. Мен ошолорду карап отуруп ушул учактардын биринде учкуч болоор күндү тилейт элем. Бул менин бирден бир тилегим эле. Тилегиме жеттим. Ал эми азыр ушул көлдүн үстүнөн ар дайым учуп өткөндө, пенсияга чыгып көлгө кайра барып балык ууласам деп тилейм. Көлүм кандай сонун карачы!
#жашоокеремет#көл#тилек
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев