Бир прораб болгон экен. Ал өмүр бою прорабдык ишин аркалап көптөгөн кооз үйлөрдү куруптур. Жылдар жаңырып прораб карый баштаптыр. Ал пенсияга чыгууну көздөп, башкаруучуга:
- Мени жумуштан бошотуңуз, пенсияга чыгып кемпирим менен неберелеримди карайын, - дептир. Башчынын мындай жакшы прорабдан кол үзгүсү келбей:
- Сиз акыркы үйдү куруңуз, сизден сураныч. Ошону бүтүрсөңүз сизди жакшы сыйлык менен пенсияга узаталы.
Прораб макул болот. Акыркы долбоор боюнча кичинекей үй-бүлөгө ылайык үй куруу керек болчу. Макулдашуулар менен үйгө керектүү материалдар, үйдүн чиймеси жана башка жумуштар башталат. Прораб бул акыркы долбоорду батыраак бүтүрүүгө шашты, себеби пенсия убагы көзүнө көрүнүп турду. Баарын тездетүү үчүн кээ бир майда нерселерди жасабады, арзан материалдарды оңой табылгандыктан жана жеткирүү да тез болгондуктан, аларды сатып алды. Прораб өзүнүн жоопкерсиз иштеп жатканын сезсе да, бул кесибинин акыркы күндөрү, бүтүшү деп өзүн жоошутту. Үй бүтүп, аны башчыга тапшыруу убакты жетти. Башчы үйдү көрүп чыгып анан айтты:
- Билесизби, бул үй сизге белек. Бул сиздин көп жылдык ак эмгегиңиз үчүн. Мынакей ачкыч, үйдү сизге каттап койдук, үйгө көчүп жашай берсеңиз болот.
Прорабдын кандай абалда калганын өзүнөн башка жан билбеди. Бети уятынан кызарып чыкты. Айланада баары кол чаап куттуктап жатышты. Прораб кубангандан кызарып жатат деп ойлошту. Ал эми прораб чала жасаган иштери өзүнө мүшкүл болгонун сезди.
#жашоо#насыяттар#окуялар#турмуш
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев