Бир күнү даанышманга жаш жигит келип:
- Менин жашагым келбей калды, менин эч кимге керегим жок, колумдан эч нерсе келбейт. Баары мени жолу жок, акмак, аңкоосун деп кайталашып тажатышты. Мага жардам бериңиз, - деди. Даанышман жигитке бир карап анан шашып жооп берди:
- Кечир, азыр өтө шашылыш жумушум бар, сага жардам бергенге убактым жок,- деп ойлоно түштү да: - Эгер мага жардам берсең, сага сөзсүз жардам берем, - деди.
- Чын көңүлүмдөн даярмын жардам бергенге, - жооп берди жигит, бул жерде да анын суроосу экинчи орунга калганына ичинен капаланды.
Даанышман сол чыпалагындагы кооз көзү бар шакегин чыгарды да:
- Жакшы, анда мени ук, бул шакекти сатып карызымды төлөшүм керек, сен азыр атка мин да чаап базарга бар. Шакекти бир алтын тыйындан кем сатпагын. Жөнө анда тез келип кал, - деди. Жигит шакекти алып, атты чаап базарга барды. Базарда ар бир сатуучуга көрсөтө баштады, алгач баары шакекке кызыгып карашып, баасын укканда баары тескери карап кетишти. Кээ бирлери каткырып күлүштү, кээ бирлери көңүл да бурушпады. Бир гана карыя бул шакек алтынга тете эмес, бул шакек жез тыйынга же күмүш тыйынга эле арзыйт деп түшүндүрдү. Жигиттин жини келип, бирок даанышмандын сөздөрүн эстеди алтын тыйындан кем эмес. Базарда дээрлик баарына көрсөтүп бирок жолу болбой жигит шакекти даанышманга алып келди.
- Шакегиңизди сата албадым, жок дегенде эки күмүш тыйынга сатайын дедим, бирок бул шакектин баасы анча эмес экен,- деп капалуу жерди карады.
- Сен азыр өтө маанилүү сөз айттың, балам. Биринчи бул шакектин баасын билишибиз керек. А мунун анык баасын ким билет? Албетте, зергер. Азыр атты чаап зергерге бар да, шакекке канча сурайт экен билип кел. Бирок канча акча сунуштаса да сатпай алып кел, - деди. Зергер шакекти көпкө текшерди, чоңойтуп көрсөткүч айнектен карап, кичинекей таразасына тартып, анан жигитке:
- Даанышманга айт, мен азыр бул шакекке элүү сегиз алтын тыйын бере алам, эгер мага азыраак убакыт берсе жетимишке алам,- деп айтты.
- Жетимиш алтын тыйынгабы?!- таң калды жигит, сүйүнгөнүнөн артка чаап жөнөдү. Жигит болгон окуяны кызуу айтып берди.
- Кел отур, балам. Билип жүргүн, ушул баалуу жана кайталангыс шакек - сенсин! Сенин бааңы өз ишин билген адам гана баалай билет. А эмнеге сен базарда көрүнгөн биринчи адамдан ошол нерсени күтөсүн?
Нет комментариев