Θзгθн жерим кылымдарды каарыткан,
Θзгθлθнγп ай-ааламга таанылган.
Кθз тийбесин кθркθмγнθ θзгθнγм,
Мекендеген тγркγн улут адамзат.
Бажырайып жаз гγлγндθй гγлдθгγн,
Кагылайын θзгθн шаарым жγрθгγм.
Θркγндθй бер мекеним сен θнγгγп,
Ардактаган алтын жерим гγлдθп сен.
Алга баскын кылымдарга бар болгун,
Атын чыгып ай-ааламга жанырсын.
Канчаларды суктандырган мунаран,
Θзгθнγм сен, бир керемет шаарымсын.
Θзгθн шаарым, менин сγйгθн мекеним,
Чындыгында мен бактылуу экенмин.
Кооздугуна кымындай да шегим жок,
Кооз жерде тθрθлгθнгθ кθнγл ток.
Θзгθнγм сен, эн байыркы шаарымсын,
Данкын чыгып Азияга таанылган.
Мекенимсин, медеримсин θзгθнγм,
Ата-бабам байырлаган илгертен.
Жγрγп калсам тээ алыскы сапарда,
Сен жашайсын дале болсо санаамда.
Акыл айтып, асыл кебин бизге айткан,
Аталарын сагынамын θстγргθн.
Мактанамын, сыймыктанам, жар салам,
Кθркθмγнθ кθргθн сайын ыр жазам.
Кенен жайлоо, жангак токой, арчалар,
Кθркθм жерим сени менен мактанам.
******Автор: Медетбек Исанов*******
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев