Мен бир окуя жаза кетейин эсимде калган, эстесем азыр кулуп алам кееде.
Жаны окууну бутуп шаарга келген кезим, эжем вогзалдан тосуп алды. Анан эжем экобуз кичине шаар тегеренип басып, уйго бармай болуп коомдук транспортко туштук. Эжем акчаны шоопурга берип артына отуп кетти. Карасам алдында бир места бош экен олтуруп алдым, эчнерсе менен деле ишим жок бирок, негедир мени алдымда турган чон эжелердин баары эле жаман коздору менен карашат эле карашат. Ичимен жаман болдум айылдык экеним билинип атат окшойт деп, кой шаарлыктарга окшошуп отурайын деп, бир бутум устуно бир бутум учкаштырып отурам деловоймун озунчо эле😁. Бир маалда бир апа кел уулум апана орун бошотуп берчи деп ордуман нагло эле тургузуп туруп олтуруп алды. Ошентип маршрутканын эшигинин жанында бурчта кыпчылган бойдон турам. Кишилер кирип артына отуп кетишет. Бир маалда бир эже 20 сом карматып "передайте пожалуйста" дейт. Орусча билбеген жаным эркелетип берип атат окшойт деп чонтоко салып койдум, бир аздан кийин дагы биро акча берди "передайте" деп, ал акчаныда жылмайып рахматым айткандай чонтогумо салып койдум😁 озумчо жаман болуп кеттим эмне мен мынча любимчик болуп калгам деп. Баарын коруп турган эжем келип чонтогумдогу акчаны алып чыгып шоопурга толотуруп туруп анан тушуп кеттик.
Айылда бекер алып журуп конуп калган жаным, шаардан бир жылдай кыйналдым го чиркин, жадакалса туалетке кире албай же туалет таппай😁
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5