Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Напишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Левая колонка
О группе
КАРАДАРЫЯ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – Биздин заманга чейин 4–1-кылымдарга таандык шаардын калдыгы. Өзгөн шаарынан 15 км түштүк-чыгышта Карадарыя суусунун оң тарабында, бийик секиде жайгашкан. Тегерете аң менен курчалып, чарчы сымал дубал менен бекемделген. Дубалдын уз. 320–330 м; кароол мунаралары бар. Батыш тарабында дубалга жакын сепил жайгашкан, анын дубалынын бийиктиги 10 м. Археол. изилдөөлөрдө Шоробашат маданиятына мүнөздүү (Биздин заманга чейин 4–1-к.) оймо-чиймелер менен кооздолгон, ар түскө боёлгон карапа идиштери, чоподон жасалган ийиктин баштары, темир тегерек шакекчелер табылган. Бул эстеликти Ю. А. Заднепровский жана Д. Ф. Винник изилдешкен.