17-уландысы.
Кеч кирип,шам тушуп калганда сырттан он чакты балдар кирип келишти. Жаны балдар келгенин корушуп бири суйунсо бири кайгырышты. Баары бири-бири менен учарашып болушкандан сон,ашканадан кыздар келип калышты. Кыздарды коргон он бойдок бала суйунуп кетишти:
-Оо,сулуу кыздар кандайсынар? -деп эки кыздын бироосун оз ойлорунда тандап жатышты,меники болосун буюрса дешип.
Мирбек балдардын ойлорун тушунуп:
-Балдар биринчиден таанышалы,экинчиден-дегенде Динара менен Нуркыз экоо жарышкандай:
-Тамактаналы да кээнири сурашалы.-дешти.
-Алыстан даамдуу тамактын жыты келгенде бугунку кун башкача экенин байкаган элем,Мирбек мындай тамак жасабайт эле,ким жасап жатат болду экен деген элек,корсо ажары жанган сулуу кыздардын колу турбайбы, менин атым Усон,-деди бироосу.
-Мен Бактыбек,
-Мен Уланбек.
-Кыялбек.
-Мунарбек.
-Жоодар.
-Кайрат.
-Султан
-Талант
-Азиз-деп он бала озун тааныштырып кетти.
-Мен Данияр.
-Ильяз.
-Алмаз.
-Токтогул.
-Баймурат.
-Жениш.
-Тимур.
-Жыргал.
-Памир.
-Адилет.
-Замир.
-Кылыч.
-Мелис.
-Манас.
-Шералы.
-Сапар.
-Руслан
-Адыл,Нуркыздын агасы,Динаранын жолдошу болом.
-Мен Нуркыз.
-Динара.Жургуло тамак муздай электе-дегенде эле балдар:
-Жургуло бугун курсактын майрамы экен да-дешип ордуларынан туруп ашканага жоношту.
Баары стол устуно батпай калышты. Орундук талаша башташканда Динара:
-Балдар,кызгызча жерге олтуралы. Алдынардагыларды кармагыла да жерге жайгашалы.
-Токтогула,жерге болсо жерге олтуралы,бирок бул жерге эмес,жургуло корсотом сыртка чыгалы-деп Бактыбек коргондун сыртындагы тегиз жерге оскон кок чоптун устуно келди.
Баары жайгашты ал жерге. Чындап эле коргондун ичине караганда сыртта жаратылыштын койнунда олтурган бир болок болчу. Бактыбектин бул ойлоп тапканына баары ыраазы болушту. Колдоруна келген тамактын даамы ушунчалык ширин болгонго балдардын курсагы тойгон жок,анын устунон Динара менен Нуркыз мынчалык коп тамак жасабаганга баарына жетээрлик олчомун билишчу эмес эле. Тамактын аз болуп калганын билген балдар кыздардын конулун тушурбогонго аракет жасашты:
-Тамагынар аябай даамдуу болуптур,рахмат. Аз болсо да апам жасаган тамакты жегендей болдум,чоон рахмат.-деди Бактыбек.
-Ооба,Бактыбек туура айтат. Аял кишинин колунан чыккан нерсе баары бир болокчо болот экен,рахмат.-дешип калган балдар ыраазычылыгын билдирип калышты. Тамакты салкын токойдун ичинде жеп болушкан сон баары кайра коргондун ичине кайтышты. Адыл,Нуркыз,Динара,Бактыбек тортоо идиш-аяктарды жууп киришти.
Вова да унаасы менен кирип келди. Унаасынан тушуп,вагончосуна кирип кетти,балдар ал жерди офис деп коюшат экен. Офисинен чыгып:
-Девушки,жегенге бир нерсе барбы?
-Владимир Григориевич,биз билген эмеспис канча адамга тамак жасашты,аз болуп калган экен,балдарга га да жетпей калды.
-Аа,нечего страшного,болок даярдай койгула,курсагым ач.
-Макул-дешти кыздар.нары-бери тамак жасап беришти.
Жумуштан чарчаган балдар,келген балдар менен бир кезге чейин суйлошуп олтурушту каалап турушса да,эртенки жумушун эстеп,уктайлы деп эс алууну тандашты. Бир жыл бою эми биз болот анан деле суйлошо беребиз дешип уктап кетишти. Кыздар тез арада тамакты жасап,Вованын курсагын тойгозушту да,идиштерди жууп койуп,жатчу жерлерине келсе Адыл жок. Сыртка чыгышса Адыл асманды карап,жылдыздарды карап ойго батып турган экен. Кыздар чакырып кетишти.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 40
чыгармам,биринчи
чыгармам,иштеримди бир жансыл
кылып,проблемаларымды чечип
алып улантам урматтуу
окурмандарым.капа болбой кутуп турунуздар.