661 (1386). Самура бин Жундабдын (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет:
- Баамдат окулуп бүткөндөн кийин пайгамбар алейхиссалам бизге бурулуп: «Кимиңер түндө түш көрдүңөр?»-деп көп сурай турган. Эгерде кимдир-бирөө түш көргөн болсо, ал өз түшүн айтып берчү, (пайгамбар алейхиссалам) болсо: «Кандай жакшы![101]»-дей турган. Бир жолу ал бизден (дагы) сурады: «Кимдир-бирөөңөр түш көрдүңөрбү?». Биз: «Жок», - деп жооп бердик. Анда ал айтты: «А мен болсо түндө түшүмдө мага келип, мени колдон алып, ыйык жерге[ 102] жеткирген эки адамды көрдүм. Ал жерде мен олтурган адамды көрдүм, экинчиси (анын жачында) туруп алып колундагы иймек темирди (отургандын) ууртуна сайып, (анын бетин) желкесине чейин жырып салды. Анан ал (анын) экинчи ууртун да так ошондой кылды, (ал убактын ичинде) жыртылган бет кайра бүтүп калды, андан кийин ал кайрадан ал тарабын дагы эле ошондой кылып жатты. Мен: «Бул эмне?» - деп сурадым, алар: «Бас!» -- дешти. (Кайрадан) жолго чыктык да, жерде кырынан жаткан адамга жеткенге чейин (токтогонубуз жок). Анын баш жагында колунда таш (же: асканын бир бөлүгүн) кармаган адам аны менен (тиги жаткандын) башын жарып салды. Ач ургандан кийин таш четке томолонуи кетти, ал ташты алганы (анын артынан) басты, ал (тиги) жатканда кайра келгенге чейин анын башы кайра бүтүп, мурдагыдай болуп калды жана ал кайрадан аны Уруп жатгы. Мен: «Булар кимдер?» - деп сурадым эле, алар: «Бас!»- Дешти. Биз кайрадан жолго чыктык да мештин оозуна окшогон тешикке жеткенге чейин (жүрүп отурдук), анын жогору жагы кууш, төмөн жагы болсо кең эле. Ылдыйда от күйүп жатты, ал аларга[103] жакындаганда, алар ошончолук бийик көтөрүлүп, сыртка чыгып кеткидей болуп жатышты, от басаңдаганда алар кайра артка кайтышты, ал жерде жылаңач эркектер менен аялдар бар эле. Мен: «Булар кимдер?» - деп сурадым эле, алар: «Бас!»-дешти. Биз кайрадан жолго чыктык да, ичинде (суу ордуна кан аккан) дарыяга жеткиче (жүрүп огурдук). Анда бир адам турду, ал эми дарыянын ортосунда (же: дарыянын боюнда) ага каршы (башка) адам турду, анын алдында таштар жаткан эле. Дарыядагы адам андан чыккысы келгенде (берки) адам таш менен түз эле анын оозуна уруп, аны ордуна кайтарып жатты, тиги чыгууга аракет кылган сайын ар жолу ал таш менен оозго уруп жатты жана ал кайра ордуна кайтып жатты. Мен: «Бул эмне?» - деп сураганымда, алар: «Бас!»-дешти. Биз кайрадан жолго чыгып аябай чоң дарак өскөн жашыл бакка жеткенге чейин жүрүп олтурдук, дарактын түбүндө бир карыя жаш балдар менен олтуруптур, дарактын жанында болсо алдындагы отко отун салып олтурган (дагы бир) адамды көрдүм. Андан кийин (менин жанымдагы жолдошторум) мени ал даракка көтөрүп өйдө чыгарышты да, бир үйгө алып киришти, андан кооз үйдү мен эч качан көргөн эмесмин, анын ичинде карыялар, жаштар, аялдар жана балдар бар экен. Анан алар мени ал жерден алып чыгып, дарак менен өйдө алып чыгышты да, (башка) үйгө алып киришти, ал (биринчи үйдөн) коозураак жана жакшыраак эле, анда карыялар жана жаштар бар эле. Мен (өз жанымдагыларга) айттым: «Силер мени бүгүн түнү өзүңөр менен алып жүрдүңөр. эми мен көргөн нерселер жөнүндө айтып бергиле». Алар айтышты: «Ооба. Сенин көз алдында оозу жырылып жаткан адам жөнүндө айтсак, ал - калп сөздөрдү тегерекке жайган калпычы, эми аны тээ Кыямат Күнүнө чейин ошенте беришет. Сенин көз алдыңда башын жарып жатышкан адамды Алла Куранга үйрөткөн[104], бирок ал түнү уктап[105], анын (жоболорун) күндүзү аткарган эмес, эми аны тээ Кыямат Күнүнө чейин ошенте беришет. Сен тешикте көргөндөр зынаакорлор эле, ал эми сен дарыяда көргөндөр болсо сүткорлор болчу. Дарактын алдында отурган карыя - Ибрахим (ага тынчтык болсун), аны тегеректеген балдар адамдардын урпактары, ал эми от жагып жаткан адам - Малик, тозоктун кароолчусу. Сен кирген биринчи үй жөнөкөй момундар үчүн курулган, ал эми (экинчи)үй -дини үчүн шейит болгондордун үйү. Мен-Жабраилмин, бул - Микаил, эми башыңды көтөр». Башымды көтөрүп, мен өз үстүмдөн булутка окшош бир нерсени көрдүм. «Бул сенин ордуң»,-дешти алар. «Мага аны ээлөөгө уруксат эткиле!» - деп жибердим, (бирок) алар ай-ютышты: «Чынында, сенин өмүрүң али бүтө элек, ал аяктаганда гана өз ордуңду ээлейсиң». (Сахих ал-Бухари)
101 Сөзмө-сөз которгондо: Алла каалагандай! /Ма ша’а-Ллах!/
102 Мында Иерусалим назарда тутулган. Башка пикирлер боюнча Палестинанын же
Шамдын бүткүл аймагы назарда тутулган.
103 Башкача айтканда, ошол тешиктеги күнтөкөрлөргө.
104 Ал адамдын Куранды жатка билгендиги назарда тутулган.
105 Тагыраак айтканда, аны түнкүсүн окуган эмес жана түнкү наапил намаздарды окуган эмес.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев