1039(2367). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын: «Жаным колунда болгон Затка ант ичем, көлмөдон жат төөлөрдү айдаган сыяктуу мен да өз көлмөмдөн адам- дарды айдаймын![15]»-дегени рабаят этилет.
15 Мында Кыямат Күнү пайгамбар алейхиссалам ага Алла тарабанын убада кылынган өз көлмөсүнө татыксыздарды жолотпоосу назарда тутулган. (Сахих Ал-Бухари)
1040(2369). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын бул айтканы[ 16] рабаят этилет: «Алла Кыямат Күнү үчөө менен сүйлөшпөйт жана аларга карабайт: өз товары үчүн бергенинен көбүрөөк бердим деп жалган ант берген адам менен, дигер намазынан кийин[17] мусулмандын мүлкүн (өзүнө) ыйгарып алуу үчүн жалган ант ичкен адам менен жана ашыкча суусун (башкалар менен бөлүшүүдөн) баш тарткан адам менен; анысы үчүн Алла аларга айтат: «(Убагында) сен колуңдан жаралбаган нерседен артканды (башкага берүүдөн) баш тартканыңдай, бүгүн Мен сага Өз ырайымымды (көрсөгүүдөн) баш тартамын!».
16 №1037-хадистин түшүндүрмөсүн кара.
17 Бул маалдын өзгөчө белгиленген себеби, дигер намазынан кийин адамдын иштерин жазуучу периштелер бири-бирин алмаштырат. (Сахих Ал-Бухари)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев