Фатима бинт Кайс деген Сахаба аял мындай деп айтып берет:«Күндөрдүн биринде эшикте жарчы жар салып жүрүптүр. Жакшыраак тыңшап көрсөм, ал жарчы Аллахтын Элчиси экен: «Жамаат намазга!» - деп элди мечитке чакырып жатыптыр. Адамдар чакырыкты угушуп мечитке чогулушуп жатты. Мен да алар менен бирге мечитке бардым. Андан соң баарыбыз Аллахтын Элчиси менен чогу намаз окудук. А мен болсо, мечиттин арт жагында аялдардын бащкы катарында элем. Аллахтын Элчиси намазын окуп бүткөндөн кийин, минбарга жылмайган абалда чыгып отурду. Ал: «Ар бириңер өз жайында отура берсин, - деп айтты да, анан мындай деди: Силерди бүгүн эмне үчүн чогултканымды билесиңерби?»
– Сахабалар: «Аллах жана Анын Элчиси гана билет,» – деп жооп беришти.
– Анда Пайгамбарыбыз: «Аллахка ант болсун! Мен силерди сүйүнтүп же коркутуу үчүн чогулткан жокмун. Бирок чогултканымдын себеби, Тамим Ад-даарий христиан киши эле. Ал мага келип, колумду кармап ант берди да, Исламды кабыл кылды. Андан кийин мен силерге Масийх Дажжал жөнүндө айтып жүргөн хадистериме төп келген окуяны айтып берди:
«Күндөрдүн биринде Тамим Ад-даарий жана Лахм жана Жузам аттуу уруулардан отуз киши кеме менен деңизге сапар тартышат. Деңиздеги бийик-бийик толкундар кемени бир ай бою чайпайт. Акырында деңиз тынчып калганда, баары кеменин сыныктарына учкашып жакынкы аралга өтүшөт. Аралга келип, анын ичин аралап киришкенде, жүндүү бир жаныбарды жолуктурушат. Жүнү өтө эле көп болгондуктан, анын баш-аягын айырмалабай коюшат. Аны көрүп: Кара башыңды жуткур! Сен эмне деген жаныбарсың? – деп сурашат.
– Ал: Мен тыңчымын, - деп жооп берет.
– Тыңчымын дегениң эмнеси?- дешет.
– Эй, адамдар! Тиги жактагы кечил тамындагы кишиге баргылачы. Ал силердин кабарыңарды укса, тилектеш болот, - деп айтат.Тамим Ад-даарий айтат: Анын сөзүн угуп, тиги жактагы киши – шайтан болуп жүрбөсүн, - деп коркуп кеттик. Ал көрсөткөн тамга шашылган бойдон кирип бардык. Киргенде эле далкыйган чоң кишини көрдүм. Андай чоң кишини өмүрүмдө көргөн эмес элем. Анын эки колу мойнуна, эки тизеси бутуна чынжырлар менен кишенделип байланган экен.Биз ага:
- Каргыш жеткир! Сен кимсиң?- деп сурадык.
«Силер мени көрдүңөр, абалымды да билдиңер.Эми өзүңөрдөн кабар бергилечи?» - деп айтты.- Биз араб элиненбиз. Бир күнү кемеге чыктык. Деңиз толкуган маалында чыккан экенбиз. Бийик-бийик толкундар кемени бир ай бою чайпады. Деңиз басаңдаганда бул аралга өтүп келдик. Аралдын ичине кирсек, жүндүү бул жаныбарды жолуктурдук. Жүнү өтө эле көп болгондуктан, анын баш-аягын
айырмалабай койдук. Аны көрүп: «Кара башыңды жуткур! Сен эмне деген жаныбарсың?» – деп сурадык. Ал: «Мен тыңчымын,» - деп айтты. Биз: «Тыңчымын дегениң эмнеси?» – деп сурадык. «Эй, адамдар! Тиги жактагы кечил тамындагы кишиге баргылачы. Ал силердин кабарыңарды укса, тилектеш болот,» - деп айтты. Биз: «Тиги жактагы киши шайтан болуп жүрбөсүн,» - деп коркуп кеттик. Мына ошентип ал көрсөткөн тамга шашылган бойдон кирип келдик.Мына ошондо кишенделген киши алардын кабарын билген соң, алардан мындай деп сурай баштайт: «Мага Байсан жериндеги курма дарагынан кабар бергилечи?»
- Курма дарактын эмнесин сурап жатасың?
«Курма дарак мөмө берип жатабы?»
- Биз ага: Ооба, - деп жооп бердик.
«Убакыт келип ал курма дарагы мөмө бербей калат. Мага Тобариййа жериндеги көлдүн кабарын бергилечи?»
- Көлдүн эмнесин сурап жатасың?
«Ал көлдө дагы эле суусу барбы?»
- Көлдүн суусу көп.«Убакыт келип анын суусу да кургап кетет. Мага Зугар жериндеги булактын кабарын бергилечи?»
- Булактын эмнесин сурап жатасың?
«Булакта дагы эле суу барбы? Ал жердегилер эгиндерин булактын суусу менен суугарышабы?»
- Биз ага: Ооба, - деп жооп бердик, -булакта суу көп. Ал жердегилер да эгиндерин булактын суусу менен суугарышат.«Мага сабатсыз элге пайгамбар болуп жөнөтүлгөн кишинин эмне кылып жатканынан кабар бергилечи?»
- Ооба, ал Мекке шаарынан чыгып, Ясриб шаарына барган.«Арабтар ага каршы согуштубу?»
- Ооба.«Согушта кимдер жеңип, кимдер жеңилишти?».
- Пайгамбармын деген киши жанында жайгашкан арап урууларын жеңип чыкты. Арабтар ага баш ийишти.
«Чынында эле ошондой болдубу?»
- Ооба.«Чындыгында арабтар ал пайгамбарга баш ийишсе, өздөрүнө гана жакшы болмок. Эми мен өзүм жөнүндө кабар берейин. Мен Масийх Дажжалмын. Чындыгында менин чыга турган мөөнөтүм жакындап калыптыр. Мага качан чыгууга уруксат берилгенде, мен жерди бүт айланып кыдырамын. Кырк күн ичинде эч бир шаарды калтырбай кезип чыгамын. Бир гана Мекке менен Тойба шаарларына кире албаймын. Ал эки шаарга кирүү мен үчүн тыйуу салынган. Бирок ал шаарларга кире баштаганымда, колуна кылычын алган периште алдымдан тосуп чыгат. Ал шаарга кире турган кандай гана жол болсо, баарын периштелер коруп турушат».
Мына ошондо пайгамбарыбыз, саллаллаху алайхи уа саллам, колундагы таягын минбарга урду да: «Мына бул Тойба шаары» - деп үч жолу кайталады. Ал минтип Мадина шаарын максат кылып айтып жаткан, - Мен силерге мындан алдың да, бул кабар жөнүндө айтып бердим беле?» Ошондо отурган адамдар: «Ооба, айтып бергенсиз» - деп жооп беришти. «Чындыгында Тамимдин окуясы Дажжал жөнүндө жана Мекке менен Медина жөнүндө мен айткан хадистерге окшош болгондугу мени аябай кубандырды. Дажжал ал Шам тараптагы деңизде же Йемен жактагы деңизде. Жок, ал Шам тарапта» - деп колу менен Шам тарапты көргөздү. Окуянын аягында Фатима бинт Кайс, радыяллаху анха, айтат: «Мен пайгамбарыбыз, саллаллаху алайхи уа саллам, айткан сөздөрүн баарын жаттап алдым». (Имам Муслим рываяты,2942-хадис)
Комментарии 1