Дээрлик ар бир эне бала багуу жолунда "рахит" деген түшүнүк менен "кезигишет". Бирок, бул оору жөнүндө ар бир эле эне кенен түшүнүккө ээ болбосо керек.
"Рахит" - байыркы англис сөзү. "Ийрейтүү" деген маанини түшүндүрөт. Бул оору 17-кылымда эле Англияда кенен тараган. Ошон үчүн аны көп жылдар бою "англис оорусу" деп атап жүрүшкөн. Азыр рахит оорусу ар бир өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да өтө кеңири тараган.
Рахиттин келип чыгуу себептери
Рахит - бул Д витамининин жетишпестигинен келип чыккан өнөкөт оору. Ал эми бул витамин күндүн нурунун таасири астында териде калыпка салынат. Витаминди күн нурунун ультра-кызгылт толкундары пайда кылат. Пайда болгон Д витамини териде, май ткандарында, боордун булчуңдарында топтолот. Топтолгон Д витамини суук мезгилдерде, адам күн нуруна аз чыккан же кийим менен денени жаап жүргөн учурларда "иштетилет".
Организмдин Д витаминине болгон муктаждыгы
Организмдин Д витаминине болгон муктаждыгы жаш курактан көз каранды. Бул витаминдин эң көп өлчөмү бир жашка чейинки балдар үчүн зарыл. Анткени, ушул куракта сөөк ткандарынын калыптанышы активдүү иштеп жаткан болот. 1 жашка чейинки балдарга бир суткасына бир килограмм салмакка 55 мг Д витамини талап кылынат. Сөөктүн өсүшү менен бул витаминге болгон муктаждык азайгандан азая берет. Чоң адамдарга ал 8 мг/кг керек, балдарга караганда дээрлик 7 эсе аз.
Д витамининин негизги булактары
Д витамининин 90 %га чейинки өлчөмү организмде күндүн ультра-кызгылт нурларынын таасири астында калыптынат. Ал эми тамак-аш аркылуу биздин организмибизге болгону 10%ы жетет.
Курамында Д витамини бар негизги азыктар төмөнкүлөр:
Балыктын майы - 150 МЕ/г
Жумуртканын сарысы - 1,5-4 МЕ/г
Маргарин - 1 МЕ/г
Өсүмдүк майы - 0,08 МЕ/г
Рахиттин алдын алуу
Рахиттин алдын алуу өтө жөнөкөй. Ал кош бойлуу кезде эле башталат. Боюнда бар аял Д витаминине бай азыктарды көбүрөөк жеп, күндө көбүрөөк болууга тийиш. Акыркы айларында балыктын майын же болбосо күнүнө 5000-10000 МЕ Д витаминин кабыл алуу сунуш кылынат.
Күзүндө же кышында төрөлгөн балага 2 айынан баштап күнүнө 1 чай кашыктан балыктын майын же болбосо 2000-4000 МЕ Д витаминин берүү талапка ылайык.
Рахиттин алгачкы белгилери
Рахиттин белгилери бала 1 айлык кезинен эле билине баштайт. Алар төмөнкүлөр:
Бала бир нерсеге кыжырданып, көп ыйлайт, уктап жатканда "селт" этип чочуйт;
Ээмп жатканда катуу тердейт;
Уктап жатканда башын жаздыкка сүрүп, эки жакка кыймылдата берет;
Желкесиндеги чачы түшөт.
Рахит эмнеге алып барат?
Рахиттин өнүгүшү бир нече баскычтан турат. Биринчи баскычы баланын бир жашка чейинки курагында болуп өтөт. Эгер балаңызда жогорудагы белгилер байкалса, анда башталгыч рахит деп эсептеп, тезинен врачка көрсөтүңүз.
Эгер эне ушул убакта баланын абалына көңүл бурбаса, бир нече жумадан кийин ал өркүндөп отуруп экинчи баскычына өтүп кетет. Бул баскычта сөөктөр туура эмес калыптана баштайт: баш сөөктүн формасы өзгөрөт, баштын арт жагы тегиз болуп жалпаят, баш сөөк узунунан кетип, пешене дөмпөйөт. Көкүрөк клеткасы ичти көздөй кирип, "тоок төш" болуп калат. Бул болсо баланын туура дем алышына тоскоол болот. Тиш кеч чыгат, эмалы морт болуп, тиш эрте эле бузулуп баштайт. Булчуңдар бошоң болгон үчүн бала кеч отуруп, кеч басат.
Андыктан, рахитти алдын алган эң жакшы. Болбосо, биринчи баскычында дарылоо да оңой. Ал эми экинчи баскычына өтүп кеткенде дарылануу өтө узакка созулат.
Эгерде бул ооруну дарылашпаса, бала 4 жашка келгенде өзү өтүп кетет. Бирок, бир нече жылдан кийин анын жыйынтыгы келип чыгат. Мисалы, баланын көзү чалыр болуп калат, май тамандуулук пайда болот, бут Х же О формасына келип, өмүр бою оңолбос болуп калат. Мындан тышкары, рахиттин өтүшүп кеткен формасы бүкүрлүккө чейин жеткириши мүмкүн.
МАМЫРБЕК кызы Зарылкан
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12
Азыр почти 1 жашка чыгайн деп калды эми 2 тиши бар да