«Иммунитет төмөндөп кеткенде оору келип чыгат» деген сөздү баарыбыз эле угуп жүрөбүз.
Бирок иммунитет деген эмне экенин жакшы биле бербейбиз.
Жалпы түшүнүк
Иммунитет – организмдин инфекцияларга жана чоочун заттарга каршылык көрсөтүүсү.
Иммунитет тубаса жана кийин пайда болгон делип экиге бөлүнөт.
Тубаса иммунитет адамга түйүлдүк кезинде эле апасынан өтөт.
Ал эми кийин пайда болгон түрү адам ооруга кабылганда эмдөөдөн улам пайда болот.
Организм “сакчылары” жана “душмандары” тууралуу
Күн сайын, мүнөт сайын ар бир организмде адамдын ден соолугунун сакчылыгында инфекцияларга жана чоочун заттарга каршы «аскер-клеткалар» жана механизмдер иштеп турат.
Ички агрессияны (душмандын кол салуусун) басуу үчүн даяр турган атайын клеткалар да бар. Мунун баарын иммундук система жөнгө салат.
Эми муну жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк. Атайын клеткалар ички коопсуздукту камсыз кылуу максатында организмди кыдырып, ар бир клетканын «паспортун» текшерип турат
Анткени мүнөт сайын аба, суу, тамак-аш жана теридеги тытылган, чийилген жерлер аркылуу организмге түрдүү чоочун микробдор, вирустар, мителер, майда козу карын денечелери кирет. Ал эми сакчылыкта турган иммундук система аларды дароо билип, курчоого алып, жок кылат.
Кокус «күчтүү душман» (мисалы, микроб же вирус) ичке көп кирип кетсе, анда «жалпы тревога» жарыяланат да, сезгенген жерди коргоо үчүн көптөгөн «аскер-клеткалар» жетип барышат.
Иммунитет дайыма бир калыпта иштесе, анда организмге коркунуч туулбайт. Башкача айтканда, инфекциялык, аллергиялык, аутоиммундук ооруларга чалдыкпайсыз.
Жогоруда айткандай, адам вирус жана башкалардан иммунитети аркылуу коргоно алат.
Ошондой эле иммунитет адамдын суукка, ысыкка, радиацияга жана кислотага туруштук берүүсүн камсыз кылат.
Эгер иммунитет төмөндөп кетсе, анда организмге кирген микробдор, вирустар, мителер жашап кетет да көбөйө баштайт. Адам бат-баттан жана катуу ооруйт.
Мындай абалды дарыгерлер «иммундук жетишпестик», «иммунитеттин кемчилиги» деп аташат.
Иммуниттетин төмөндөшүнүн белгилери
Алгачкы белгилерине: өзүн жакшы сезбөө,
бат чарчоо,
шалдыроо,
уйкуга тартылуу же уйкусуздук,
баш оору,
булчуңдардын жана муундардын жанчылгандай болуп оорусу кирет.
Мындайда адамдын көөнү эч нерсеге тартпай да, көпчүлүктү сүйбөй да калат. Кээ бир адамдарда аллергия пайда болот
.2-этаптын белгилери болуп кадимки мурун бүтүүнүн (ринит) өнөкөткө айланышы, учук, сасык тумоо сыяктуулар кирет.
Андыктан комплекстүү дарылануу керектелет
.3-этаптын белгилери болуп өнөкөт оорулардын көбөйүшү жана алардын оорлошу кирет.
Негизинен, иммунитети төмөндөгөн адамдарга терисинин түлөшү, өңүнүн бозорушу, ичкерип, өңүнөн кеткен чачтар, катмарланып, сынып туруучу тырмактар мүнөздүү.
Иммунитетти кантип көтөрүү керек?
Эң башкысы, организмди чыңдоо керек. Бул үчүн спорт менен достошуу, витаминдүү тамак-аштарды кабыл алуу, туура тамактануу, стресстерден арыла билүү, жаман адаттардан кутулуу (ичкилик, тамеки чегүү), жайында жылаңайлак басуу, сууда сүзүү жана башкалар кирет.
Адам иммунитети төмөндөгөндө иммунологго көрүнүп, дарылануусу керектелет. Иммунолог дары-дармек менен түрдүү витаминдерди, көнүгүүлөрдү да жазып берүүсү мүмкүн.
Компания ФОРЕВЕР ЛИВИНГ ПРОДАКТС сиздерге озунун нукура таза ,составында даже спирти жок ,продукциясын тартулайт .
ИММУННАЯ СИСТЕМА
ГЕЛЬ АЛОЭ ВЕРА
ФОРЕВЕР НЕЙЧУРЕС
МАТОЧНОЕ МОЛОЧКО
ИММУБЛЕНД тел 89651996941ватсап
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев