Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев менен жолугушууда энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда Торобаев элчиге Кыргызстан суу ресурстары, мал чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана экспорттоо тармактарында кызматташууга даяр экенин белгиледи. Ошондой эле, адистерди окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга даярдыгын билдирди.
Элчи Николас Боулер ар кандай багыттар боюнча, айрыкча энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар экенин тастыктады, - деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.
#Кыргызстан #УлууБритания #Инвестиция #Кызматташтык #ЖашылЭнергия #Өнүктүрүү #БакытТоробаев #АйылЧарба #KyrgyzstanUK #GreenEnergyKyrgyzstan #RenewableEnergyInvestment #NicholasBowler
http://zaman.kg/avtoduyno/10245/-tesla-%D1%8D%D0%BB%D0%B5%D0%BA%D1%82%D1%80%D0%BE%D0%BC%D0%BE%D0%B1%D0%B8%D0%BB%D1%8C-%D1%87%D1%8B%D0%B3%D0%B0%D1%80%D1%83%D1%83-%D0%B1%D0%BE%D1%8E%D0%BD%D1%87%D0%B0-%D1%80%D0%B5%D0%BA%D0%BE%D1%80%D0%B4-%D0%BE%D1%80%D0%BD%D0%BE%D1%82%D1%82%D1%83
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев