Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Бакыт Төрөбаев КТАД башкармалыгынын төрагасы менен жолукту
Ала-Тоо 24
0 комментариев
0 классов
Бакыт Төрөбаев Киров айылындагы «Альфа» май заводун ачты.
ЭлТР Маалымат
0 комментариев
0 классов
Улуу Британия Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция салууга кызыкдар
Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев менен жолугушууда энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда Торобаев элчиге Кыргызстан суу ресурстары, мал чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана экспорттоо тармактарында кызматташууга даяр экенин белгиледи. Ошондой эле, адистерди окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга даярдыгын билдирди.
Элчи Николас Боулер ар кандай багыттар боюнча, айрыкча энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар экенин тастыктады, - деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.
#Кыргызстан #УлууБритания #Инвестиция #Кызматташтык #ЖашылЭнергия #Өнүктүрүү #БакытТоробаев #АйылЧарба #KyrgyzstanUK #GreenEnergyKyrgyzstan #RenewableEnergyInvestment #NicholasBowler
0 комментариев
0 классов
0 комментариев
0 классов
Кара өрүк дүйнөдөгү эң популярдуу өсүмдүктөрдүн бири. Жер шарынын Антарктидадан башка бардык континенттеринде кездешет.
Кыргызстанда кара өрүк 2,325 гектар аянтты ээлейт. Ал негизинен Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука райондорунда жана Талас облусунун Бакай-Ата районунда кеңири таралган.
Кара өрүктүн экспорту негизинен Казакстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттерине жөнөтүлөт. 2024-жылы Кыргызстан жалпы 3,875 тонна кургатылбаган (чийки) кара өрүктү экспорттогон. Учурда кургатылган кара өрүктү (как) экспорттоо да активдүү түрдө уланууда.
Кара өрүк организмге зарыл болгон витаминдерге жана минералдарга бай азыктардын бири болуп саналат. Анын курамында темир, кальций, фосфор, магний, марганец сыяктуу ден соолукка пайдалуу заттар бар.
Бул азык ичеги-карын жана жүрөк-кан тамыр системасынын иштешин жакшыртат, бөйрөк жана боор ооруларынын алдын алат, остеопороз менен күрөшүүгө жана рак клеткаларынын өсүшүн токтотууга жардам берет.
Кара өрүк ден соолукка пайдалуу азык гана эмес, Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү продукт болуп эсептелет.
#КараӨрүк #Экспорт #Төрөбаев #КыргызстанПродуктусу #ДенСоолук #АгроЭкспорт
0 комментариев
0 классов
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы агроөнөр жай тармагынын 11 алдыңкы ассоциациясын бириктирген «Ырыс алды – ынтымак» Агроальянсынын мүчөлөрү менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Альянс Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын демилгеси менен түзүлгөн.
Аталган меморандум өлкө тарыхындагы алгачкы мындай келишим болуп саналат. Анын максаты – азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
Агроальянс айыл чарбаны өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо сыяктуу жалпы максаттарга жетишүүдө күчтөрдү бириктирүүнүн маанилүү үлгүсү болуп калды, – деп баса белгиледи Бакыт Торобаев.