Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 14-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан боюнча суу сактагычтарды курууга ылайыктуу жүзгө жакын жер аныкталган. Алардын көпчүлүгү Ош, Баткен жана Чүй облустарында жайгашкан.
"Учурда бизде суу сактагычтар аз. Болгону 1 миллиард 700 миллион куб сууну гана сактап жатабыз. Планыбыз — 2,5–3 миллиард куб сууну сактоо. Бул максатка жетсек, 1 миллион 200 миң гектар жерди 100% камсыз кылууга жетишип, сугат суу көйгөйүн чечүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Андан тышкары, эң негизги багытыбыз — тамчылатып сугаруу системасын киргизүү. Анткени БДР, БСРлерди куруу кымбатка турат. Ошондуктан, Акылбек Үсөнбекович бизди бул жаатта колдоп жатат. Быйыл тамчылатып сугаруу системасын киргизүүгө 400 миллион сом бөлүндү. Эгерде биз бул кадамга барбасак, дыйканчылыкты жеткиликтүү деңгээлде өнүктүрүү кыйын болот", - деп сөзүн жыйынтыктады Төрөбаев.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев