2018-жылдын 8-октябрында КР Юстиция министрлигинде коммерциялык эмес уюм «Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук коомдук фонду каттоодон өткөн. Уюмдун ишмердүүлүгүнүн алты жылдыгына карата “Караван Инфо” редакциясынын кабарчысынын суроолоруна фонддун директору Дмитрий Цай жооп берди.
- Кайрымдуулук менен алектенүүгө эмне түрткү болду жана фонддун негизги миссиясы эмнеде?
- Биздин уюмду түзүүнүн максаты жана анын негизги миссиясы - турмуштук оор кырдаалга туш болгон адамдарга жардам берүү. Айланада колдоого муктаж адамдар көп болуп турганда кайдыгер кароо мүмкүн эмес. Биз бир гана эң негизги керектөөлөрдү эмес, көп жыл колдонула турган жабдыктарды да жардам катары беребиз. Негизги иш-аракетибиз адамдын өзүнө болгон ишенимин арттырууга жана анын көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган. Башкача айтканда, балык эмес, кайырмак берип, а балыктарды өздөрүнө карматууга аракет кылуудабыз.
– Фонд ишмердүүлүгүнүн алкагында кимдерге жардам көрсөткөнү тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
- Фонд түзүлгөн алты жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен жемиштүү кызматташтыкта болуп, өлкөнүн бир катар коомдук жана социалдык мекемелерине жылына 100 миңден 300 миң доллардан ашуун суммага чейин гуманитардык жардам көрсөттү. Биздин колдообузду Кыргыз Республикасынын Неонатологдор ассоциациясы, Кыргыз акушердик альянсы, атайын орто мектеп-интернаттар, реабилитациялык борборлор, медициналык мекемелер сыяктуу уюмдар алды. Бул да толук тизме эмес.
- Булар кандай жардамдар экенин билсек болобу?
- Гуманитардык ишибиздин өзгөчөлүгү, мен жогоруда айткандай, биз оор турмуштук кырдаалга туш болгон ар бир адам келечекте өз алдынча болушу үчүн анын өзүнө болгон ишенимин калыптандырууга аракет кылабыз. Бул эмерек жана медициналык жабдуулар, коляскалар жана башка көп нерселер болушу мүмкүн. Ошондой эле медициналык жана социалдык кызматтардын деңгээлин жогорулатуу үчүн дарыгерлер, медайымдар жана социалдык кызматкерлер үчүн көптөгөн окуу программаларды жүргүзүп турабыз.
- Сиздерге уюмдар өздөрү жардам сурап кайрыла алабы жана андай учурда жардам бересиздерби?
- Долбоорлорубуздун көбү ушундан жаралган. Бизге кайрылуу келет, биз аны карап чыгабыз жана эгер ал фонддун миссиясына туура келерин көрсөк, ал келген уюмга барабыз. Бул максаттарыбызга кантип жетүүнү жана мүмкүн болгон көйгөйлөрдү кантип чечүүнү жеринде талкуулоого мүмкүндүк берет, андан кийин эң жакшы чечимдерди табууга киришебиз. Ар дайым бардык түшкөн кайрылууларды өтө кылдаттык менен карап чыгабыз, анткени фондубуздун каражаттары карапайым элдин кайрымдуулугунан топтолгон. Биздин фонд LDS кайрымдуулук уюмунун глобалдык тармагына бириккен адамдардын кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен каржыланат жана алардын улутуна жана динине карабастан бардык муктаж болгондорго жардам көрсөтөт. Кимге азыр жардам беришибиз керек, кимди кезекке коюп, а кимге баш тартышыбыз керек, аны аныктоо өтө чоң жоопкерчилик.
- Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүдө кандай тоскоолдуктарга туш болуп жатасыз жана тескерисинче, кандай жакшы жактарын белгилей аласыз?
- Кыргызстандын эли ынтымактуу жана ачык-айрым. Босогодон эле кызматкерлери жумушка жанын төшөгөнү, чыгармачылык потенциалын ошол жерге комфорт менен жайлуулук орнотууга бурганы байкалган, бирок ал үчүн шарттар түзүлбөгөн мекемелер көп учурайт. Көп жолу персонал кол алдындагылардын жашоосун жакшыртуу үчүн “экинчи миляны басып өтүүгө” даяр экенин байкадык. Мындай уюмдарга чын дилибизден жардам беребиз –бизден алган техникалары узакка жетет... Биз бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылабыз: мейли, жардамыбызга муктаждар алыста жашасын, мейли, дайым эле жолдор тегиз боло бербесин, ага кошумча долбоорлорубузду ишке ашыруу үчүн подрядчыларды табуу да оңой эмес. Көпчүлүк учурда, чоң жана маанилүү ишти аткарып жатканыбызды түшүнгөн ар бир адам бизге жардам берүүгө аракет кылат.
- Жакында ишиңиздин алты жылдыгын белгилейсиз – бул датага карата кандайдыр бир иш-чаралар пландалып жатабы?
- Бул датаны жаңы долбоорлорду ишке ашыруу менен белгилөөнү пландап жатабыз. Өткөн аптада чыдамсыздык менен бизден жардам күтүп жаткан алты уюмда болдук. Ошондуктан быйылкы жылдын аягына жана кийинки жылга чоң пландарыбыз бар.
Булак: https://caravan-info.kg/
http://zaman.kg/avtoduyno/10245/-tesla-%D1%8D%D0%BB%D0%B5%D0%BA%D1%82%D1%80%D0%BE%D0%BC%D0%BE%D0%B1%D0%B8%D0%BB%D1%8C-%D1%87%D1%8B%D0%B3%D0%B0%D1%80%D1%83%D1%83-%D0%B1%D0%BE%D1%8E%D0%BD%D1%87%D0%B0-%D1%80%D0%B5%D0%BA%D0%BE%D1%80%D0%B4-%D0%BE%D1%80%D0%BD%D0%BE%D1%82%D1%82%D1%83
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев