Алардын бири ИНТУИТ.
Психиканын интуиция функциясы жакшы өнүккөн.
☝️Мен азыр сүрөттөп жазам, силер өзүңөргө тууралап көргүлө.
🔸Бул адамдардын миссиясы биздин дүйнөдө жаңы дуйнолорду ойлоп табуу (Стив Джобс, Цукерберг сыяктуу)
🔸Абдан креативдүү адамдар, башында толтура идеялар бар. Реалдуу жашоодо жок нерселер жөнүндө ойлоно алышат.
🔸 Маанилүү нерселерди унутушат, бирок нюанстарды эстеп калышат. Мисалы таанышкан кишинин атын унутуп калып, бирок аны менен баарлашып жаткан теманы, ошондогу атмосфераны эстеп калышат.
🔸Булар эч нерсе менен макул болбогон өспүрүмдөр сыяктуу, эрежелерди, нормаларды бузуп, өзүнүкүн айтып эле бунт чыгарып турушат.
🔸Булар өзүлөрү менен өзүлөрү көп баарлашат, ички дүйнөнү сырткы дүйнөгө караганда маанилүү деп эсептешет.
🔸 Күлкүлүү окуялар булар менен көп болот, булар буюмдарын көп жоготушат, каякка койгондорун унутушат, кечигишет, туура эмес транспортко түшүп кете беришет ж.б.у.с.🤦
🔸Тамак жегенди унутуп калып жүрө беришет, аябай ачка болгондо эстешет. Кандай кийим кийип жүргөндөрү деле көп мааниге ээ эмес.
🔸Эркиндикти, ачык мейкиндикти, боштукту (мебель толтура коюшпайт үйлөрүнө) жактырышат.
🔸Хаос, ирээтсиздик алар үчүн коркунучтуу эмес.
🔸Пландап иш кылышпайт, көп учурда чечимди кокус эле кабыл ала беришет.
Интуит жөнүндө суроолор болсо бергиле?
А эгер өзүңүз интуит болсоңуз кызыктуу окуя менен бөлүшүңүз ⬇️
Баракчама катталып, бөлүшкүлө, калган 3тип жөнүндө кийинки посттордо.
Ал эми тааныштарымдан сураныч, лайк басып, өзүңөрдүн тааныштарынар менен бөлүшүп коюңуздар 🙏 Алдын ала рахмат ❤️
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев