Жер шарынын Антарктидадан башка бардык континенттеринде кездешет.
Кыргызстанда кара өрүк 2,325 гектар аянтты ээлейт. Ал негизинен Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука райондорунда жана Талас облусунун Бакай-Ата районунда кеңири таралган.
Кара өрүктүн экспорту негизинен Казакстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттерине жөнөтүлөт. 2024-жылы Кыргызстан жалпы 3,875 тонна кургатылбаган (чийки) кара өрүктү экспорттогон. Учурда кургатылган кара өрүктү (как) экспорттоо да активдүү түрдө уланууда.
Кара өрүк организмге зарыл болгон витаминдерге жана минералдарга бай азыктардын бири болуп саналат. Анын курамында темир, кальций, фосфор, магний, марганец сыяктуу ден соолукка пайдалуу заттар бар.
Бул азык ичеги-карын жана жүрөк-кан тамыр системасынын иштешин жакшыртат, бөйрөк жана боор ооруларынын алдын алат, остеопороз менен күрөшүүгө жана рак клеткаларынын өсүшүн токтотууга жардам берет.
Кара өрүк ден соолукка пайдалуу азык гана эмес, Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү продукт болуп эсептелет.
#КараӨрүк #Экспорт #Төрөбаев #КыргызстанПродуктусу #ДенСоолук #АгроЭкспорт
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев