Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Бакыт Төрөбаев: Дыйкандар санариптик технологиялардан артта калбашы керек
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги заманбап технологияларды өлкөдөгү ар бир фермерге жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылууга өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев Бишкекте өтүп жаткан «Санариптик фермер – 2025» форумунун алкагындагы айыл чарбасындагы заманбап технологиялар көргөзмөсүндө билдирди.
«Биздин негизги милдет – фермерлер күнүмдүк иштеринде санариптик инструменттерди натыйжалуу пайдалана ала турган шарт түзүү. Бул үчүн фермерлерди маалымат менен камсыздап, окутуу, ыңгайлуу онлайн кызматтарды жайылтуу, заманбап инфраструктурага жана инновациялык технологияларга жетирүүнү камсыз кылуу маанилүү», – деди Төрөбаев.
Эске салсак, Бишкекте «Санариптик фермер – 2025» форумунун алкагында айыл чарбасындагы заманбап технологиялар көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарада фермерлер айыл чарба тармагындагы санариптик трансформациянын алкагындагы алдыңкы технологиялар менен таанышып, аларды кантип сатып алуу жана колдонуу тууралуу кенен маалымат алышууда.
0 комментариев
0 классов
Бакыт Төрөбаев: Ар бир айыл өкмөттө МТС түзүлүшү керек — бул мамлекеттик талап
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Сокулук районунда жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышып чыкты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев "Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык, ар бир айыл өкмөттө МТС түзүлүшү керек. Бул — мамлекеттик талап. Акимдер жана айыл өкмөт башчылары ушул багытта иш жүргүзүүгө милдеттүү.
Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөр өз карамагындагы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин ижарага берип, ошонун эсебинен жан багып келишет. Мен былтыртан бери сунуштап келе жатам, айыл өкмөттөр бул жерлерди ижарага бербестен, эл менен чогуу кооперативдерди түзүп, МТСтерди иштетсе, пайда табууга болот. МТС жөнөкөй элге 20% арзаныраак кызмат көрсөтүп, пайда алып келет," — деди ал.
0 комментариев
0 классов
Кытай менен Кыргызстан кызматташууну кеңейтүүгө даяр — Бакыт Торобаев менен Шэньси делегациясынын жолугушуусунун жыйынтыктары
МТРК "ЭлТР"
0 комментариев
0 классов
Жазгы талаа иштерине күйүүчү май жетиштүү камсыздалат
2025-жылдагы жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн 42,2 миң тонна дизель жана 12 миң тонна бензин керектелет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Министр белгилегендей, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына ылайык, нефтебазаларда жана автомай куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө бар, күйүүчү май менен камсыздоодо эч кандай көйгөй күтүлбөйт.
"Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2025-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында дыйкандарга 10 миң тонна дизелди жеңилдетилген баада – 65 сомдон берип жатат. Эгерде бул көлөм жетишсиз болуп калса, кошумча дагы 10 миң тонна бөлүнүп, жалпы 20 миң тоннага чейин жеткирүү планы бар", – деп билдирди Төрөбаев.
0 комментариев
0 классов
Учурда өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы жок – Бакыт Төрөбаев
Учурда өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы жок. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ар бир район жана шаарларда азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. Материалдык резерв фондусунда негизги социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн кору бар.
“Азык-түлүккө болгон баалар базар экономикасынын шартында жеке сектор тарабынан коюлат. Өзгөчө кырдаалдар болгондо мамлекет баага кирише алат. Мисалы, эттин баасы жогорулаганда бааны жөнгө салдык. Картошканын баасы жогорулаганда чек араны жапкан жокпуз. Анткени дыйкан картошка өстүрүп пайда табат. Бүгүнкү күндө мониторинг жүргүзүлүп жатат, баа ылдыйлаганы байкалды. Биз бааларды Россия, Казакстанга салыштырып карап жатабыз. Эң төмөн баалар бизде”, - деди ал.
0 комментариев
0 классов
Көл таңы 06 03 25
0 комментариев
0 классов
Жазгы-талаа иштеринде көйгөй жаралбасын. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйында билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Төрөбаев министрликтин алдындагы структуралык бөлүмдөргө жазгы-талаа иштери боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип, жазгы-талаа иштерине алдын ала кам көрүү керектигин белгиледи.
“Жазгы-талаа иштерине азыртан даярдык көргүлө. Күйүүчү май, үрөн, жер семирткич жетишсиз болбосун. Эгерде кандайдыр бир көйгөй жаралса, алдын ала айткыла. Биз аракет кылып чечип беребиз”, - деди ал.
#Кабар
0 комментариев
0 классов
Бакыт Төрөбаев: Жаңы технологияларды туура пайдалануу менен эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл
МТРК "ЭлТР"
0 комментариев
0 классов
СРОЧНО! ТАКОГО ЕЩЕ НЕ БЫЛО https://youtu.be/TG2nRkERWao
Напишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Левая колонка
О группе
ЭН КЫЗЫКТУУ ЖАНЫЛЫКТАРДЫ БИЗДЕН ГАНА ОКУЙ АЛАСЫНАР
Окурмандарга ар кыл багыттагы окумдуу, курч, ар тараптуу, маанилүү, пайдалуу гана макалаларды күн сайын жайгаштырып турат.Өзгөчө: Аналитика, Саясат, Коррупция, Криминал, Маек, Маданият, Тарых бөлүмдөрүнө басым жасап, бул багыттар боюнча башкалар айтпаганды жеткиликтүү, терең баяндап берет. Окурмандардын эсине: бул группа эң ириде улуттун кызыкчылыгына басым жасайт. группа дүйнө таанымыңызды кеңейтип, жан дүйнөңүзгө руханий байлык тартуулайт