“Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду Кыргызстандын Неонатологдор Ассоциациясы жана Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен төрөт үйлөрүндө иштеген дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча ири долбоорду ишке ашырууда.
Долбоордун алкагында 21-октябрдан 24-октябрга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана Ош шаарынан келген неонаталдык медайымдар Ош шаарындагы облустук төрөт үйүнүн жандандыруу бөлүмүндө семинарга чогулду. Окутууну АКШдан келген жогорку квалификациялуу адистер жүргүзүп жатышат.
Семинар учурунда берилген СИПАП аппаратынын жардамы менен өз алдынча дем ала албаган балага өпкөсүнө аба жеткирүү, ымыркайдын канындагы кычкылтектин деңгээлин 30%дан 100%га чейин көтөрүүнү үйрөтүп жатышат.
Фонд тарабынан уюштурулган окуу практикасынын негизин Америкалык Педиатрия Ассоциациясы тарабынан кабыл алынган “Баштапкы реанимация боюнча колдонмонун” акыркы, сегизинчи басылымындагы жаңы технологиялар түзөт.
Семинардын жүрүшүндө түштүк аймагынан келген медицина кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайларга биринчи жардам көрсөтүү, эрте төрөлгөн жана оорулуу балдарды багуу боюнча тажрыйбасын арттырышууда.
Белгилей кетсек, алты жылдан бери “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду Кыргызстандын медициналык жана социалдык мекемелерине жыл сайын 100 миңден 300 миң долларга чейин гуманитардык жардам көрсөтүп келет. Бул убакыт аралыгында фонд кыргызстандык төрөт кызматын колдоо жана өнүктүрүүгө зор салым кошту.
Быйыл фонд өлкөнүн перинаталдык борборлоруна 20 СИПАП аппаратын жана 35 пульсоксиметрди - жаңы төрөлгөн ымыркайлардын канындагы кычкылтектин деңгээлин аныктоочу аппараттарды берип жатат.
Бул жабдуулар Бишкек жана Ош шаарларынын перинаталдык борборлоруна бөлүштүрүлөт.
Өткөрүлгөн семинар туралуу маалыматты ОшТВ телеканалы тарткан төмөндөгү репортаждан көрүп таанышсаңыздар болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев