Бүгүн таң эрте уйкудан турдум да, баламды кийинте баштадым. "ЭЙ, БОЛ ТЕЗ, КЕЧ КАЛАБЫЗ!"-деп кыйкырып коем... Эшик суук, жылуу күрмө, кол кап, баарын кийгиздим айтор. Экөөбүз бакчага жөнөдүк. Жолдо баратып, бир нерсе эсиме "кылт" этти. БАЛАМДЫН БАКЧАСЫ КАЙДА ЭКЕНИН БИЛБЕЙМ ДА!😳 Мурда алып барбасам, мына сага кызык. Жолдо баратам ойлонуп. Алгач жакын жердеги бакчага кирдик. Ал биз барган бакча эмес экен. 😔 Кийин алысыраагына чуркап бардым уулумду жетелеп. Кашайгыр, ал дагы биз барчу бакча эмес экен. Андан чыгып сураштырып олтуруп дагы бир бакчага бардык, ал дагы биз барган бакча эмес экен...😣 Бир маалда уулум, "ата, бакчаларды кыдырып жүрө берип, мектептен кеч калмай болдум!"- десе болобу! Көрсө уулум мектепте экинчи класста окуйт экен.😂 Ошо, жонундагы асынып жүргөн сумкасынан шек санадым эле...😂😂😂
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев