БАЛА САКАЛ КОЙБОЙТ!!!"
Акыркы жылдарда атасы тирүү туруп, атасы сакал кое электе сакал койгондор көбөйдү. Он сегизге чыгып, чыга элек жатып, сакал өстүргөндөр бар. Сегиз тал сербейген сакал жаш адамга жарашпаса да, апсайтып коюп алганды “модага” айландыргандарды көрүп, “тобоо” деп жакаңды кармайсың. Сүйлөсө, ыйман жолунан сүйлөшөт, Кудайды бетке кармашат, пайгамбардын хадистеринен айтат. Бирок, салт билбеген, ата-баба салтын сыйлабаган, атасын сыйлабаган, ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаштар экени түк баскан бешенесинен көрүнүп турат. Биз жаш кезде аталар, аксакалдар:
“Атасы тирүү бала сакал өстүрбөйт.
Атасынын өлүмүн тилеген бала сакал өстүрөт”
деп сөөмөй кезеп катуу эскертишкени күнү бүгүн эсте турат. Булар болсо, атасы тирүү туруп сакал койгону укмуш. Мындан 20-25 жыл мурда эле жаш курагы 60-65тен ашпай кыргыз баласы сакал койчу эмес. Эгер, небере күтө элек жатып, ээгиндеги ата сакалы жетилбей жатып, зордоп сакал койгондор болсо, улуу муундагылар:
“Тиги атасына наалат келтирген немеден алыс болгула, ага жолобогула”
деп, андайларды эл арасынан четтетип коюшчу.
Сакал – карылыктын энчиси, сакал – кары адамдын көркү. Кыргызда сакал коюунун да өзүнө тиешелүү кайталангыс маданияты бар. Биринчиден, эркек киши небере жытын искебей, жашы алтымышка келбей сакал койбойт. Экинчиден, сакал менен кошо салабат күтүшкөн, себеби чоң ата болгон, чоң атанын баскан-турганы небереге үлгү болуш керек деп эсептешкен. Сакалчан адам нускалуу сүйлөгөн, өзүн үлгүлүү алып жүргөн. Бейчеки күлгөн эмес. Талтайып, курсагын челкейтип баскан эмес. Үнүн аялдардыкындай чыйылдатып, адамдын итиркейин келтиргендей сүйлөгөн эмес. Эң башкысы, кыргыздын карыялары эч качан сакалын бапсыйтып өстүргөн эмес. Кыскасы, сакалдуу киши – бардык тарабынан үлгү болгон. Дайыма калыс сүйлөгөн, акыйкатты айткан.
Эгер, жаштарыбыз сакал өстүрүп, өздөрүн нускалуу алып жүргүсү келсе, анда талаш жок, өстүрө беришсин, бул алардын конституциялык укугу. Мейли, атасын сыйлагысы келбейби, бул да алардын укугу, баласына дурустап тарбия берип, акыл айта албаган ата ал үчүн баласын эмес, өзүн күнөөлөш керек. Кыргыз республикасынын Баш мыйзамында сакал коебу, мурут коебу, же ээгине эчкинин кылын жабыштырып алабы, ага тыюу салынган эмес. Бизде ата-бабалардын салты жаштарга сакал коюуга тыюу салат. Мурутту да өзүнүн кое турган убагы болот. Өзүнчө түтүн булатпай, балалуу болбой туруп, жаш адам мурут койгону да кыргыздын салтына жат нерсе. Кыргызда үч-төрт балалуу болуп, бир үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөргөн адам мурут коюп, анысы менен өзүнүн коомдогу статусун аныктайт.
КЕР МУРУТ
Кер мурут жигит болуп калган тура”, – деген кеп, үй- бүлөлүү, бала-чакалуу жигиттерге карата айтылат. “Кер мурут болгончо акыл кире элек тура, мурунтугу жок экен”, – делет жеңил жигиттерге карата айтылчу.
Улуттук каада-салтта аталуу балага сакал коюуга тыюу салынарына токтолгонубуз, акыркы жылдарда жаштар арасында сакалчандар көбөйдү. Сакал коюп тим болбой, бөлөк элдин кийимин кийип, бөлөк элдин ырын ырдап, бөлөк элдин дин саясатын таратып, улуттук баалуулуктар унутта калып баратат. Бул акыркы 25 жылдагы Кыргызстандагы реалдуулук. 25 жыл аз убакыт эмес. Бул убакытта бир муун алмашат, мындан 20–25 жыл төрөлгөн балдар өз алдынча турмуш куруп, үй-бүлө болуп калды. Ал эми жаштардын сакал коюусу түздөн түз дин менен байланышкан. Демек, бул бир-эки муун жаштар улуттук каада-салттан динди бийик коюп калышты. Эч кимге жашырын эмес, ата- бабаларынан да динди артык көргөн муун өсө баштады. Бул айтканга жеңил болгону менен улуттук коопсуздук маселесинен алып караганда, өтө коркунучтуу нерсе. Мурдагы мамлекет башчыларынын эссиз саясатынан улам, ислам дининин ар кандай багыттары, агымдары Кыргызстанга тарап кеткен да, бүгүн кимиси ким баарыбыз чаташып калдык. Ошондон улам, акыркы жылдарда мамлекет исламдын ханафи мазхабын, башкача айтканда салттуу исламды өнүктүрүүнү алдына максат кылып койду. Эгер, Кыргызстанды жоготуп албайлы десек, анда мамлекет деңгээлинде дин саясатын ар тараптуу чектөөгө алышыбыз керек.
Жакында эле Тажикстан спортсмендеринин сакал коюшуна тыюу салды. Бизге да спортсмендерге, жаштарга, мамлекеттик кызматкерлерге, дегеле саясатка аралашкандарга сакал коюуга тыюу сала турган мезгил келип жетти.
Атасы туруп сакал өстүргөн жаштар өз элинин салтын, мамлекетин, өз улутун жеригендер.
Автору: Болотбек Таштаналиев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15