Майлуу-Суу шаарында 16 жаштагы окуучу Камила Абдубаитова 2 күндөн бери дайынсыз.
Бул тууралуу өспүрүм кыздын бир тууган агасы Бексултан Абдубаитов билдирди. Анын айтымында, карындашы өзүнө тиешелүү телефонду үйгө калтырып кеткен.
«Карындашым 18-февраль күнү эртең мененки саат 10дор чамасында мектепке сумкасы жок бара жаткан экен. Анан чоң энем эмне үчүн сумкасын албаганын сураганда, мектепте ишембилик болорун айтып чыгып кеткен. Ошол бойдон үйгө кайтып келген жок. Эки күндөн бери издебеген жерибиз калбады. Ошол күнү кечинде милицияга да кабарладык”, - дейт Абдубаитов.
Өзгөчө белгилери: бою 160-170 сантиметр. Кийген кийимдери кызыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым кийип жүргөн. Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы мектеп окуучусун издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирген.
Коруп билгендер болсо, байланышып коюнуздарчы!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1