( Мигрант энелерге арналат)
Кандайсыз апа? Иштериниз жакшыбы?- деп,
Алыста калган балдарым сурайт абалым.
Кокурок "зырп"деп, ичимден кетем элжиреп,
Сагыныч тартып, суулана тушот кош карек.
Ун коштоп суйлоп, тыкылдап келет каттары,
Конулду ачып, экоонун катар жазганы.
Бут баары жакшы,санаага батпан ,- деп кызым,
Жайкаган мени, зирегин кыз- баламдын.
Сагындым апа,сагындым апа, а сизчи?
Жонотот уулум толтура ыйлаак "быйтыкча".
Сагындым балам,сагынбайм кантип мен сени,
Бетинен опкон"быйтыкча"барат уулума.
Суротко тартып жонотот алган бааларын,
Суроту келет жаркыган кулуп баламдын.
Сагыныч таркап,чер жаза суйлоп алабыз,
Тоскоол эч болбой ортодогу аралык.
Аралык . . .ооба. .. алыстамын- мигрантмын,
Чет жерде иштеп, таштап келген балдарын.
Максатты коюп, келечек туптойм алдыга,
Болгон го заман,озу аракет кылганга.
Кимдер туяр эне-бала сагынычын,
Апоов !- деген'деген ,бала унун , кусасын.
Кимдер билер, эне-бала тартылып,
Бирин- бири кутуп жашап жатканын.
Сагынамын.. .алыстасын балдарым,
Мага койсо эч жанындан чыкпасмын.
Окуномун. . .таттуу кылык-жоругун,
Озум коруп, дайым бирге болбодум.
Тилегеним- аман- эсен болгула,
Капа билбей балалыктын доорунда.
Жакшы окуп, эстуу болуп чоноюп,
Мекенине оз салымын кошкула.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев